Абдывахап Нурбаев: ЕАЭБ өлкөлөрдүн соода-экономикалык мамилелеринде оң тенденция байкалууда

Чолпон Атада өткөн ЕАЭБ мамлекеттеринин жыйынынын  маанилүү маселелеринин бири  катары Кыргызстан менен  Казакстандын ортосунда  бир катар документтерге кол коюлганын айта кетсе болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Абдывахап Нурбаев Эркин –Тоо kg сайтына  билдирди.

«Баарыбызга белгилүү болгондой, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы бажы чек араларында келип  чыккан көйгөй биздин жарандарыбыздын иш алып баруусуна терс таасирин тийгизип жатпайбы. Ал эми ЕАЭБ жыйынынын  алкагында бул маселелер каралып, аны чечүүнүн жолдору талкуулангандыгы жакшы жетишкендик деп эсептейм», -деди Нурбаев.

Анын айтымында, бул жыйындын маанилүү маселелеринин бири  катары Кыргызстан менен  Казакстандын ортосунда  бир катар документтерге кол коюлганын айта кетсе болот

«Жалпысынан алганда, Евразиялык экономикалык бирлигине мүчө өлкөлөрдүн соода-экономикалык мамилелеринде оң тенденция байкалууда. Бул жыйындын маанилүү маселелеринин бири  катары Кыргызстан менен  Казакстандын ортосунда  бир катар документтерге кол коюлганын айта кетсек болот», — деп белгиледи депутат.

Эскерте  кетсек, 20-августта Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйынга Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттеринин өкмөт башчылары, ошондой эле байкоочу катары Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов, Куба Республикасынын премьер-министри Мануэль Марреро Крус (видеоконференция аркылуу) катышышты.

Өкмөт башчылары ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өз ара жана тышкы соодасын камсыздандырууну колдоо, товарларды ташып чыгууда белгиленген бир жактуу тарифтик эмес чараларды жакындатуу маселелерин, ошондой эле экспорттук бажы алымдары боюнча маселелерди карашты.

Мындан тышкары, шайкештикти баалоо чөйрөсүндө аккредитациялоо боюнча Евразиялык аймактык уюмун түзүү маселеси жана күн тартибиндеги башка бир катар актуалдуу маселелер каралды.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуу болуп өттү. Алсак, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана Казакстан Республикасынын премьер-министри Аскар Мамин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду, алардын ичинде: 2021-2023-жылдарга координацияланган Транспорттук саясатын ишке ашыруунун негизги багыттары жана баскычтарын ишке ашыруу боюнча «жол картасы» жана ЕАЭБ алкагында органикалык айыл чарба продукциясынын жалпы рыногун түзүү боюнча «жол картасы».

Альбина Метерова

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X