Абибилла Кудайбердиев: Убагында Куралдуу күчтөрүбүздө кийим-кече табуу көйгөй болгон

28-апрель, 2026-ж. / Редакция / Коом 1351

Эгемендүүлүк доордо өлкөбүздүн эки ирет Коргоо министрлигин жетектеп, Кыргызстандын коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоого, Куралдуу Күчтөрдү өнүктүрүүгө, улуттук коопсуздуктун деңгээлин жогорулатууга олуттуу салым кошкон Абибилла Алымович менен биз бул сапар кеңири маанайда баарлаштык. Ортодогу жандуу маекте Куралдуу Күчтөрдөгү оош-кыйыш жагдайларды, ийгилиги менен кемчилигин бирдей тизмектеген легендарлуу генерал агынан жарылды. Эмесе, бул жагын карапайым окурмандарыбыз баалап алышсын…

Жолдош генерал, жакында Башкы Кол башчыбыз Садыр Жапаров “Дастан”
трансулуттук корпорациясынын ишмердүүлүгү менен таанышып, уникалдуу заводдун өндүрүштүк кубаттуулугун, атайын продукцияларды чыгаруу боюнча иштеп жаткан линияларын көрүп, тиешелүү мамлекеттик органдарга, ишкананын жетекчилигине ата мекендик учкучсуз учуучу аппараттарды чыгарып баштоону тапшырды. Таң калычтуу жагдай, Кыргызстан учкучсуз учуучу аппараттарды чыгарууга даяр болуп калдыбы?

– Башкы Кол башчы Садыр Нургожоевичтин Коргоо министрлигине караштуу “Дастан” заводуна барганы (аталган заводдо союз кезинен бери торпедалар чыгарыла турган) өз убагында ташталган кадам десек болот. Аныгында бүгүн учкучсуз учуучу аппараттарды чыгаруу мезгилдин талабы экенин тана албайбыз. Азыр сырттагы дүйнөнү карагылачы? Орус-украин, жакынкы чыгыштагы согуштарды баарыбыз көрүп жатабыз. От күйгөн ал жерлерде авиациянын, ракеталардын, артиллериялардын, учкучу жок аппараттардын согушу жүрүп жатат. Азыр аскерлер колдоруна курал көтөрүп алып, “алдыга, кеттик!” — деп ураалап жөнөгөн согуш тактикасы жок. Биз ал замандан өттүк. Бүгүн дүйнөнүн өзгөрүшү менен учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу мезгилдин талабына айланды. Согуштар да “заманбап ыкмада” болуп калгандыгын көрүп жатабыз. Мындай шартта Башкы Кол башчыбыз Садыр Нургожоевичтин замандын күрөө тамырын кармап, учкучсуз учуучу аппараттарды чыгарууну буюрган кадамы абдан колдоого аларлык көрүнүш.

– Жакшылыктын эрте-кечи жок деңизчи…

– Албетте, ал жагы бар. А бирок, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан, Тажикстан баштаган биздин коңшу өлкөлөр учкучсуз учуучу аппараттарды, согуштук дрондорду чыгарууну эбак колго алышкан. Бир мисал, мындан туура 3 жылдай мурун болсо керек, Тажикстан Ирандагы эң чоң компаниянын жардамы менен учкучсуз учуучу аппараттарды чыгара башташкан. Андыктан, дүйнөдөгү ар кандай коопсуздук кырдаалдарын эске алганда биз бүгүндөн калбай аталган аппараттарды чыгарууну башташыбыз керек. Түпкүлүгүндө Президентибиз абдан туура кадамга барды. Биз тынчтыкта жашаганды кааласак, анда Куралдуу Күчтөрүбүз күчтүү болушу абзел. Сөздүн ыңгайы келгенде ушул жерден кошумчалай кетейин, өлкөбүздүн коргонуу, коопсуздугуна кайдыгер эмес жаран катары азыр кытайлык компания менен дал ушул учкучсуз учуучу аппараттарды чыгаруу боюнча биргелешип иштешүү үчүн атайын компания ачтык. Келечекте бул жактан атайын дрондорду жасап, чыгарууну максат кылуудабыз. Мунун өзү Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүн заманбап ыкмада күчтөндүрүү болуп саналат. Учурда бул жагынан чоң долбоорлорду демилгелеп, алардын үстүнөн иштөөдөмүн.

– Дегеле өлкө башчысы тарабынан Куралдуу Күчтөргө азыркыдай камкордук көрүү эгемендик доордогу тарыхыбызда болбосо керек. Мамлекет жетекчисинин мындай аракетин кол алдындагы жетекчилер, жалпы погончондор сезе билип, ишке жоопкерчиликтүү мамиле кылып жатат деп ойлойсузбу?

– Азыр мамлекетибиз күндөн-күнгө кубат алып, экономикалык жактан туруктуу өнүгүүгө бет алды. Казынада каражат пайда болгонун көрүп мамлекетчил инсан катары тек гана териме батпай сүйүнөм. Эгемендик доорубузда 2 ирет Коргоо министри болгон инсан катары айтайынчы, убагында Куралдуу Күчтөрүбүздө тамак-аш, кийим-кече табуу көйгөй болгон. Биз мындай көрүнүштөрдү да башыбыздан өткөргөнбүз. Ачык айтканда бир ок атуучу курал, керек болсо 1 ок сатып ала албай жүргөнбүз. Анткени, өлкөбүздүн казынасы какшып, курал алганды мындай кой, күнүмдүк керектелүүчү көйгөйлөрдү чечкенге каражат жок эле. Садыр Нургожоевич
бийликке келгени анын туура башкаруусунун негизинде өлкөдө жемкорлукка каршы күрөш аябагандай күч алып, көмүскөдөгү салык, бажы төлөмдөрү мыйзам алкагында төлөнүүгө өтүп, мамлекеттик казынабыздын көлөмү триллиондук көрсөткүчтү камтыды. Бул эмне деген эрдик? Мындай аракеттин арты менен Куралдуу Күчтөргө да мамлекеттин көз карашы өзгөрдү.

– Абибилла Алымович, жалпылабай, аскердик жетекчилердин, жалпы погончондордун жоопкерчилигинен да кеп салсаңыз…

– Бийликтин соңку жылдары Куралдуу Күчтөргө болгон мамилеси баарыбызга маалым. Айлыктар көтөрүлүп, ок дарылар гана эмес, тик учактарды, курал-жарактардын заманбап түрлөрүн сатып беришүүдө. Өлкө жетекчилигинин мындай аракетин тилекке каршы, айрым биздин кесиптештер, өзгөчө кээ бир аскердик жетекчилер жакшы түшүнбөй, жоопкерчиликти сезбей жатышат. Кайпактатпай кептин түз маанисинде айтканда, айрымдарынын ишке болгон чабалдыгы кадимкидей байкалат. Бүгүнкү кыргыз армиясы менен 10 жыл мурдагы Куралдуу Күчтөрдөгү абал таптакыр башка. Ошондуктан, бул жаатта да кадрдык жүрүштөр жанданып, кесипкөй, тажрыйбалуу аскер адамдарын кызматка тартуу колго алынса, мунун өзү мамлекет үчүн алды утуш гана болмок. Көмүскөдө жүргөн күчтүү кадрлардын күчүн алсак, алар Президентибиз үчүн керек кезде арка-бел болуп беришмек.

– КР Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын мурдагы башчысы, генерал-майор Райимберди Дүйшөнбиев жакында мага берген маегинде “Кыргызстандын аскер-өнөр жай комплексин кайра жаратуу менин айныгыс асыл максаттарымдын бири” – деген пикирин билдирди. Айтыңызчы, Дүйшөнбиевдин аскер-өнөр жай комплексин кайра куруу боюнча идеясы азыркыдай шартта канчалык деңгээлде реалдуу деп эсептейсиз?

– Генерал Дүйшөнбиев абдан туура маселени көтөрүп жатат. Биз бүгүн аскердик-өнөр жайларды өнүктүрбөсөк, Куралдуу Күчтөрүбүз эч качан көтөрүлбөйт. Жөнөкөй мисал, Куралдуу Күчтөрүнүн кубаттуулугу боюнча дүйнөдө экинчи орунда турган Орусияда бүгүн “Рособорона”, “Росвооружения” баштаган бир нече компанияларды бириктиришип, “РосТех” аттуу бир адамдын башкаруусундагы аскер-өнөр жай корпорациясын түзүштү. Ушул күндөрү Орусияда аскердик-өнөр жай өтө жогорку деңгээлге чыгууда. Муну айтканым, биз бүгүнтөн калбай аскердик-өнөр жай комплекстерин ошол эле “Дастан” заводунун мисалында тез арада жандандырууну жолго койбосок болбойт. Президент Садыр Жапаров айткандай, учкучсуз учуучу аппараттарды чыгарууну бүгүндөн калбай башташыбыз зарыл. Каражатты жумшап, эл аралык келишимдерди түзүп, бул жагынан керек болсо инвесторлорду табышыбыз зарыл. Аскер-өнөр жай комплекси иштеп, канчалаган продукция берсе армиябыз жаңы сапаттарга көтөрүлүп, заман талабына туруштук бермек. Анткени, Куралдуу Күчтөрүбүз бүгүн заманбап курал-жарактарга абдан муктаж. Эл өкүлү катары Райимберди Дүйшөнбиев бул маселени өз учурунда көтөрүүдө. Анын сөзүндө, идеясында жан бар. Эми ал бул маселени жөн гана үстүртөн айтып тим болбой, акырына чейин ишке ашышына жан үрөшү керек.

– Өлкөдө альтернативдик кызмат үчүн акчалай төгүмдөрдү көбөйтүү каралып, бул аракеттин түшүндүрмөсүн мурдагы кесиптештериңиз “жаңы төлөм учурдагы экономикалык өсүштү жана инфляцияны эске алуу менен сунушталды” – деген жүйөөнү “бетке кармашууда”. Инфляция менен кымбатчылык ансыз да күч алган азыркыдай шартта мындай аракеттерди алдыңкы жылдарга калтыра турушса болот беле?

– Менин угушума караганда өлкөбүздө альтернативдик кызмат үчүн төлөмдөрдү көбөйтүү боюнча азырынча өкмөттөн чечим кабыл алына элек. Бирок, көтөрүү боюнча аракеттерди кылышууда. Бул маселе боюнча коомдук пикир жанданса, министрлик деле элдин үнүн эске албаса болбойт.

– Жаңылбасам, өткөн жылдары болсо керек, Коргоо министрлиги өлкөбүздүн алыскы аймактарында аскердик лицейлерди ачууну демилгелеп жатканынан кабардар болгон элек. Ал аракеттер учурда канчалык деңгээлде ишке ашат деп ойлойсуз?

– Бул көптөн бери көтөрүлүп келе жаткан маселе. Эгерде бул аракеттер иш жүзүнө аша турган болсо, анда бул кадам өлкөбүз үчүн алды утуш гана болмок. Башта айттым го, мамлекеттик казынабыз триллиондук көрсөткүчтү чапчыды. Андыктан, аскердик лицейлерди жер-жерлерге ачууга толук мүмкүнчүлүктөр бар. Өлкөбүздүн буга толук күч-кубаты жетет. Биз өсүп келе жаткан жаңы муунду мекенди сүйүүгө, мамлекетчил болууга үндөй турган болсок, анда кечиктирбестен аскердик лицейлерди ачышыбыз керек. Мындай ыкма эл аралык тажрыйбада деле оң таасирин көрсөткөн. Ошол эле кубаттуу Орусиянын ар бир аймагында аскердик лицейлер бар. Биз куру дегенде өлкөбүздүн ири аймактарына сөз кылып жаткан лицейлерибизден эң болбоду дегенде 2-3тү ачып койсок асты жаман болмок эмес.

– Эгерде лицейлер ачылса, аларды окутуш үчүн кадрдык курамчы? Тагыраагы, мугалимдерди каяктан алабыз? Материалдык-техникалык базаны кандай кылат элек?

– Окутуучулук кадрдык курам боюнча кеп кылбай койсок деле жарашат. Анткени, азыр Куралдуу Күчтөрдөн кызмат өтөө жагынан бошоп, ардактуу эс алууга чыгышкан офицерлер менен генералдарыбыз өтө көп. Учурда алардын бир канчасы жумушсуз жүрүшөт. Андай тажрыйбалуу кесиптештерибизди дал ушул лицейлерге ишке тартканга эмнеге болбосун?! Бийликтеги тиешелүү жетекчилер аскердик лицейлерди ачуу боюнча эртерээк кадамдарга барышса, бул үчүн кадрдык курам менен материалдык-техникалык абал даяр. Дагы айтам, мамлекетибиздин бул иштерди каржылоого толук күчү жетмек.

– Буга чейин аймактардагы аскердик комиссариаттар “жемкорлуктун уюгуна айланып калганы” коомчулукта жашыруун деле болбой калган. Мындай көрүнүшкө алтургай буга чейинки министрдин жардамчылары баш болуп аралашып, дал ушул аскердик комиссариаттагылардан алкымын тыйбай акча алып жүрүшкөнү толук далил боло алат. Бул эми бир гана “күкүмү” болсо керек. Азыр аскердик комиссариаттарды “кулкунун тыйбагандардан” кантип тазалансак болот?

– Армия бул – коомдун бир бөлүгү. Коом кандай болсо армия деле ошондой болот. Мен аскердик комиссариаттагылардын баардыгы бир беткей жемкорлукка аралашты деп айта албайм. Алардын арасында көпчүлүгү таза иштеген, иштин кызыкчылыгын биринчи орунга койгон кесиптештерибиз көп. Албетте, кыргыздын “кой аксагы менен миң” – деген макалында айтылгандай, көпчүлүк болгон соң арасында “колу туткактар” да болбой койбойт. Ушул жерден баса белгилөөчү жагдай, элибиздин да кандайдыр бир деңгээлде аскердик комиссариаттагыларды “уурулукка” түртүп жатышканын моюндашыбыз керек. Кайсы бир ишти мыйзамдуу талап кылгандын ордуна анча-мынча акчаны кармата коюшат да, акырында жаманаттысы формачандарга калууда. Азыр өлкөбүздө бардыгы санариптештирүүгө өттү. “Түндүк” тиркемеси аркылуу керектүү документтердин бардыгын алса болот. Ошол эле аскердик комиссариаттан мындан ары керектүү документтерди тиркемеден алганга шарт түзүлдү. Мунун арты менен комиссариаттагыларга тиешелүү жемкорлук кан буугандай токтобосо дагы кандайдыр бир деңгээлде азаят деп ойлойм. Дагы айтам, биздин элибиз өздөрү биринчи “уурулук” менен күрөшүшсө эртели-кеч акыбети жаман болмок эмес.

– Бир курдай илимий ишин коргоо, коопсуздук жаатына арнаган доценттин “өлкөбүздүн коргоо, коопсуздук жаатында эмгектенген офицер, генералдар илимий ишке анчейин аралашышпайт. Бул тармактагы илимге ыктаган офицерлерге атайын мамлекеттик деңгээлде шык берип, алардын эмгектерин алып калышыбыз керек” – деген пикирин укканым бар. Илимге из салган тармактагы кызматкерлерге дем берүү жагын кантип көтөрсөк болот?

– Аскердик илимди көтөрүш үчүн эң куру дегенде аскердик курал-жарактардын түрүн ойлоп таап, аны изилдей турган жагдайлар болушу зарыл. Анан калса бизде учурда бир гана аскердик институт бар. Биз ар жылы Оруссиянын, Казакстандын, Өзбекстандын аскердик академияларына офицерлерди окууга жөнөтөбүз. Анан калса биздин өзүбүздө жогорку аскердик академиябыз жок. Бүгүн Кыргызстандын өзүнүн жогорку аскердик академиясын түзүүгө убакыт келди. Казакстан, Өзбекстан баштаган коңшу өлкөлөрүбүздүн бардыгында аскердик академиялар ачылган. Ал эми өзүбүздө академияны ачкандын ордуна офицерлерди окууга коңшу мамлекеттерге жиберип жатабыз. Аскердик сыр деген болот. Өзүн сыйлаган мамлекет коргоо, коопсуздук жаатта иштеген адистерин өзү окутуп чыгышы керек. Башта айттым го, өлкөбүз каржылык жактан кубат ала баштады. Андыктан, аз санда болсо дагы өзүбүздүн жогорку аскердик академиябызды ачканга убакыт келди. Ошондо гана жогоруда сенин соболуңдагы аскердик жааттагы илимий иштерге ык койгон адистер керектелип, бул маселе да акырындык менен жолго коюлмак. Керек болсо бүгүн аскердик илимий иш жактай тургандарга анчейин деле муктаждык жок болуп жатат десек болот. Биз эң оболу аскердик академия түзсөк, тармактагы илимий чөйрө муктаждыктан улам өзүнөн-өзү түптөлмөк. Учурда Кыргызстанда ИИМдин, Башкы Прокуратуранын, УКМКнын өздөрүнө тиешелүү академиялары бар. А эмнеге Куралдуу күчтөрдүн өзүнө таандык академиясы болбошу керек? Ошондуктан бул маселени тиешелүү жетекчилер, өзгөчө Президентибиз эсине алса деген ойдомун.

– Өлкөбүздүн Снайпинг федерациясынын (аткычтарды окутуу, ок атуу спорту жана коопсуздук жаатында эл аралык стандарттарды киргизүү менен алектенет) ардактуу президенти болуп дайындалганыңыздан кабардарбыз. Коомдук башталыштагы дал ушундай кадрдык жүрүшүңүз, бул жааттагы максаттарыңыз боюнча пикириңиз окурмандарга да кызыктуу болсо керек… Чечмелеп бербейсизби?

– Снайпинг федерациясынын Кыргызстанда түзүлгөнүнө 5 жылдын жүзү болду. Мен бул федерациянын катардагы мүчөсү болчумун. Биз бул федерацияда элибиздин, өзгөчө ок атуу ышкыбоздордун өнөрүн өркүндөтүп, мындай аракетибиз аркылуу мамлекеттин коопсуздугуна салым кошолу деген аруу максат менен федерацияда иштеп жүрдүк. Акыркы айларда федерациянын мүчөлөрү бул тармактын президенти болуп берүүмдү сунуштап калышты. Ошентип, көпчүлүктүн сунушун кабыл алып, ишти баштадык. Федерациянын учурда 250 мүчөсү бар. Булардын бардыгы ок атуу өнөрүнүн анык кесипкөйлөрү, көпчүлүгү аскерде кызмат кылгандар десем болот. Биздин мүчөлөр аскердик комиссариаттарда тизмеде турушат. Кудай сактасын, эгерде өлкөбүздө кооптуу жагдай жарала турган болсо, биз аларды кырдаалды жөнгө салуу үчүн колдоруна курал берип, мекен сакчылыгына пайдаланабыз. Аныгында эң күчтүү көзгө атаар ок атуучулар согуштун жеңишине үлкөн салым кошкондор болуп эсептелет. Биздин федерация алдыда Кыргызстандын коопсуздугу үчүн көп иштерди алып барабыз деген аракеттин үстүндө иштеп жатабыз. Буга чейин Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы куралдуу кагылышта аталган федерация чек ара кызматынын снайперлерин окутуп, практикалык жактан даярдаганбыз. Мындай аракеттерибизди алдыда Коргоо министрлиги менен да жүргүзүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз. Мунун өзү өлкөбүздүн коопсуздугуна кошкон салымыбыз деп эсептейм. Биздин алдыбызда федерациянын институционалдык өнүгүүсүн бекемдөө, ок атуу спортунун түрлөрүн жайылтуу, элибиздин курал менен коопсуз, кесипкөй мамиле кылуу маданиятын калыптандыруу, снайпингди спорттук жана прикладдык багыт катары мындан ары өнүктүрүүгө, эл аралык кызматташтыкты чыңдоого жана жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо милдеттери турат.

Калыгул Бейшекеев

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X