Абитуриенттерге жеңилдик берилет

13-апрель, 2021-ж. / Редакция / Билим 23

Билим берүү жана илим министрлиги ЖОЖдор менен кесиптик орто билим берүү мекемелери бир жылда абитуриенттерди эки ирет кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн карап, атайын токтом да даярдалып жаткандыгын кабарлады. Министрлик мындай тажрыйба чет өлкөлөрдө ийгиликтүү колдонулуп келе жатат,-деп билдирди. Эске салсак, биздин кесиптик билим берүү мекемелери бир жылда көп эле жолу абитуриенттерди кабыл алып келет. Ал эми ЖОЖдордо мындай тажрыйба биринчи жолу ишке ашмакчы. Бирок, азырынча ЖОЖдор абитуриенттерди кайсы мезгилдерде кабыл ала тургандыгы тууралуу так маалымат жок.

13-апрель, 2021-ж. / Редакция / Билим 23
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X