Россиялык миллиардер Роман Абрамович “Путиндин адамдары” китебин чыгарган дүйнөдөгү эң ири басма компаниялардын бири HarperCollins басмасын сотко берди. 2020-жылы Улуу Британияда жарык көргөн бул китептин автору Financial Times журналынын Москвадагы мурдагы кабарчысы Кэтрин Белтон. Ал Россияда 16 жыл жашаган.
Миллиардердин кызыкчылыгын коргоп жаткан Harbottle & Lewis LLP юридикалык фирамасынын билдиргенине караганда, доо арыз китептеги жалган айыптоолорго байланыштуу берилди.