«Абрис-Гранддын» лицензиясы жокко чыгарылды
Кыргызстанда “Абрис-Гранд” ЖЧКсынын курулуш тармагындагы лицензиясы жокко чыгарылды. Компаниянын ишмердүүлүгүндө бир катар олуттуу мыйзам бузуулар аныкталган.
Курулуш министрлигинин маалыматына караганда, текшерүүнүн жыйынтыгында компаниянын архитектору Александр Усовдун квалификациялык сертификаттары да жокко чыгарылган.
Министрлик “Абрис-Гранд” ЖЧКсы жана Александр Усов менен курулуш, долбоорлоо жана уруксат берүүчү документтерди талап кылган башка иштер боюнча кызматташпоого чакырды.
Ведомство мыйзам талаптарын бузган курулуш тармагынын өкүлдөрүнө карата мындан ары да катуу чаралар көрүлөрүн эскертти.