Абыкеев: Акаевдин сөзүн бийликтин позициясы катары кабыл алууга болбойт

22-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 182

Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев мурдагы президент Аскар Акаевдин президент Садыр Жапаровго кошумча мөөнөт берүү тууралуу айткан пикирине комментарий берди.

Абыкеевдин айтымында, Акаевдин бул билдирүүсү анын жеке көз карашы болуп саналат жана ага бийлик тарабынан эч кандай таасир болгон эмес.

“Бул бир адамдын жеке пикири катары гана кабыл алынышы керек. Ага саясий өң берип, «Акаев айтты, эми ошондой болот экен» деп ызы-чуу кылуунун кажети жок”, — деди президенттин кеңешчиси.

Ал белгилегендей, алдыда президенттик шайлоо өтсө, Садыр Жапаров кайра талапкерлигин коюшу мүмкүн. Ошол эле учурда башка талапкерлер да чыгышы ыктымал жана кийинки президентти эл тандайт.

Абыкеев Жапаров экинчи мөөнөткө шайлана электе эле үчүнчү мөөнөт тууралуу сөз кылуу орунсуз экенин кошумчалады.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X