“Ачык кабинет” долбоору: Руслан Сүйналиев министрликтин негизги багыттары тууралуу маалымат берди

25-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 144

Руслан Сүйналиев “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунун алкагында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө министр журналисттерге Финансы министрлигинин ишмердүүлүгү менен тааныштырып, мекемеге кыскача экскурсия уюштурду.

Мындан тышкары, жолугушууда министрликтин учурдагы иш жыйынтыктары, негизги багыттары жана өлкөнүн каржы тармагындагы актуалдуу маселелер талкууланды.

Белгиленгендей, долбоордун алкагында министр алдыдагы күндөрү Бишкек шаары жана Чүй облусундагы бир катар социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык объектилерди кыдырып, жеринде жумушчу кеңешмелерди өткөрөт.

“Ачык кабинет” медиадолбоору мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн ачык-айкын чагылдырууга багытталган. Долбоордун негизги максаты жетекчилердин күнүмдүк ишин коомчулукка жеткирүү.

25-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 144
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X