Ачык кабинет: Көндүмдөр жогорулаган сайын киреше да өсөт- Канат Сагынбаев

8-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 129

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев чет өлкөлөрдө жарандарды ишке орноштуруу борборунун ишмердүүлүгү менен таанышып, эмгек миграциясын уюшкан түрдө жөнгө салуу багытынын маанилүүлүгүн белгиледи.

«Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» медиадолбоорунун алкагында уюштурулган иш сапардын жүрүшүндө министрге борбордун иши, жарандарды чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орноштурууга байланышкан мүмкүнчүлүктөр жана мигранттарды мамлекеттик колдоо чаралары тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле катышуучулар чет өлкөгө чыгуунун алдындагы даярдык курстары жана лицензияланган жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин иши менен таанышты.

Өзгөчө көңүл Түштүк Кореянын EPS системасы аркылуу кыргызстандыктарды уюшкан түрдө ишке орноштуруу программасына бурулду. Борбордун маалыматына ылайык, бул программа 18 жылдан бери иштеп келет. Ушул убакыт аралыгында 5 миңден ашык жаран Кореяда эмгектенген, учурда 1 600дөн ашуун кыргызстандык аталган өлкөдө иштеп жатат. Орточо эмгек акы айына 1 700 АКШ долларын түзөт, ал эми айрым учурларда турак жай жана тамак-аш чыгымдары иш берүүчү тарабынан жабылат.

Министр уюшкан эмгек миграциясы жумушсуздукту кыскартууга, адистердин көндүмдөрүн жогорулатууга жана акча которуулардын көлөмүн көбөйтүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи. Анын айтымында, жарандардын кесиптик деңгээли жогорулаган сайын алардын киреше табуу мүмкүнчүлүгү да кеңейет. Ошондуктан чет өлкөгө ишке кетер алдындагы даярдыкты күчөтүү жана ресурстук борборлорду өнүктүрүү маанилүү багыт болуп саналат.

Борбордун маалыматына ылайык, 2026-жылдын алгачкы беш айында 11 675 жаран чет өлкөдө ишке орноштурулган. Мындан тышкары, кызматташтык географиясы кеңейип, Улуу Британия, Словакия, Түркия жана башка мамлекеттер менен түзүлгөн эки тараптуу келишимдердин негизинде да ишке орноштуруу мүмкүнчүлүктөрү түзүлүүдө.

8-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 129
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X