Адаш ТОКТОСУНОВА, дипломат, коомдук ишмер: «ЭКОЛОГИЯ – КЫРГЫЗДЫН САЛТТУУ МАДАНИЯТЫ»

28-апрель, 2026-ж. / Редакция / Коом 930

Маектешибиз – философия илимдеринин кандидаты, саясий илимдердин доктору, социолог, саясий антрополог, маданият таануучу, эколог, дипломат, коомдук ишмер Адаш Искендеровна Токтосунова кыргыз коомчулугунун кыйырында ысымы аттын кашкасындай таанымал инсан. Көп жылдар бою эл аралык уюмдар менен тыгыз иштешип, мамлекетибиздин иштерин алдыга илгерилеткен ишмер айымдарыбыздын бири. Өлкөбүздөгү саясий чөйрөдө, илимде, эл аралык мамилелерде өзүнүн орду жана салмагы бар адам десек жаңылышпайбыз. ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы бөлүмүнүн катчысы катары 14 жылдан ашуун эмгектенгенин айтсак эле жетиштүүдүр. Айтор, Адаш Токтосунованын окурмандарга айтаар олуттуу кеби арбын. Ошондуктан ары кызыктуу, ары байсалдуу жолду басып өткөн көрүнүктүү коомдук жана мамлекеттик ишмерди аңгемелешүүгө тарттык.

— Адаш Искендеровна, айтыңызчы, айылдан чыккан карапайым кыз кантип Кыргызстанда бийлик бутактарында олуттуу кызматтарды аркалап, ошол эле учурда илимди кошо ала жүрүп, ушундай даражага чейин көтөрүлдү?

— Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат деген кеп бар эмеспи. Анын сыңары, менин асыресе ийгиликтеримдин тамыры үй-бүлөдөн болсо керек деп ойлойм. Мен көп балалуу үй-бүлөдө өсүп чоңойдум. Биз тогуз бир тууганбыз. Апам төрт кызды катар төрөгөн үчүн менин атымды Адаш коюшкан тура. Адашып эми уул төрөлсө деген тилек кылышкан экен. Ата-энемдин ал тилеги ишке ашып, менден кийин удаасы менен үч уул төрөлүп жатпайбы. Атам тарыхчы, апам биолог. Экөө тең педагог болушкан. Кийин атам мамлекеттик кызматка өтүп, Нарын шаарынын партиялык уюмунун биринчи катчылыгына чейин көтөрүлгөн экен. Жакшы иши үчүн эки орден, бир нече медаль менен сыйланган. Бирок жараткан атама кыска өмүр тартуулаптыр, 38 жашында оо дүйнөгө сапар тартып, апам тогуз баласы менен жесир калган.

Айтмакчы, кезинде атамды  Исхак Раззаков абдан сыйлап, баалаган деп айтышат. Ишенгени үчүн Нарын шаарына жетекчи кылып жөнөткөн болуш керек да. Апамдын кайратына, кажыбастыгына баа берем. Бизди эч нерседен кем кылбай чоңойтту. Бардыгыбызга жогорку билим берди. Эң негизгиси бардыгыбызды эмгекке үйрөттү. Ошон үчүн биздин үй-бүлөдөн инженер-куруучу, технолог, педагог, юрист, врач, маданият жана илим ишмерлери чыкканы – апамдын эмгеги. Эжем Гүлчахра Ленинграддагы Репин атындагы Көркөм академияны аяктап, искусство таануучу катары эмгектенип, Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Көркөм академиясынын академиги деген жогорку наамдарга жетишти.

— Окурмандардын көпчүлүгү биле бербеген бир жагдайды эске сала кетели. Эгемендиктин алгачкы жылдарында 1995-жылы калың кыргыз журтчулугу “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын эл аралык деңгээлде белгилеген эле. Ошол чоң иш-чарага сиздин дагы салымыңыз бар экендигин жакшы билебиз. Кыргыз эли көккө көкөлөткөн Манастын эл аралык чоң мааракесин уюштуруу тууралуу кеп кылып берсеңиз?

— Чындыгында “Манас” эпосунун 1000 жылдыгы — жаңыдан эгемендикке жетишкен уюткулуу элибиздин турмушундагы абдан чоң окуя болгону талашсыз. Элибиздин кылымдар бою сактап келген маданий мурасын даңазалоо жаш мамлекетибиздин эл аралык коомчулукка таанылуусуна дагы жакшы өбөлгө түзмөк. Ошол себептүү 1993-жылы ЮНЕСКОнун Улуттук комиссиясы Мелис Убукеев менен биргеликте Бириккен Улуттар Уюмунун ЭКОСОС комиссиясына “Манас” эпосу боюнча документтердин топтомун даярдаган элек. Документтердин катарына айтылуу агабыз Мелис Убукеевдин «Манас Великодушный» тасмасы, «Манас» эпосуна тиешелүү көргөзмө, видео, фотоматериалдар, илимий басылмалар кирген. Кашыктап чогулткан эмгегибиздин бардыгын ЭКОСОС комиссиясы үчүн атайын англис тилине которгонбуз. Олуттуу комиссия документтерди карап чыгып, 1995-жылды Манас жылы деп жарыялоо жана «Манас» эпосунун 1000 жылдыгын белгилөөгө БУУнун каражатын тартуу демилгесин көтөргөн. Ошентип, жергебизде Манастын туусун бийик көкөлөтүп, элибиздин демине дем, күчүнө күч кошконго умтулган элек.

Азыр ой чаптырып көрсөм, ЮНЕСКОдо эмгектенген жылдары бир топ урунттуу иштерди жасаганга үлгүрүппүз.

— Эл аралык зоболосу бийик уюмдун Кыргызстандагы бөлүмүн жетектеген жылдарга кененирээк токтоло кетсеңиз жакшы болоор эле. Анткени сизди француз тилинде эркин сүйлөгөн, ЮНЕСКО системасында 14 жылга чукул иштеген Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын негиздөөчүсү жана биринчи жетекчиси катары жакшы билебиз…

— Менин турмуштук жолумда, сиз айткандай, ЮНЕСКОнун Кыргыз Республикасындагы Улуттук комиссиясында иштеген жылдарым абдан олуттуу орунду ээлейт. Азыр ойлой келсем, ошол жылдары ЮНЕСКОнун Кыргызстан менен кызматташуусунун эң үзүрлүү жылдары болгон экен. Өзүңүз таразалап көрсөңүз: ошондо жыл сайын Кыргызстанда ЮНЕСКОнун колдоосу астында маданияттар менен диндердин диалогу боюнча эл аралык конференциялар, жыйындар, тегерек столдор, айтор кызыктуу иш-чаралар өткөрүлгөн. Айталы, жогоруда эскерип кеткен «Манас-1000» дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чарасы. «Ош-3000» мааракеси дагы ошол жылдары уюштурулбады беле. Элибиз кастарлап, сыйынып келген Оштогу Сулайман-Тоо дагы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастардын тизмесине киргизилген. 2002-жылы жергебизде Глобалдуу Тоо Саммити өткөрүлгөн. Эл аралык коомчулуктун көңүлүн тоолуу жергебиздин татынакай жаратылышын сактап калууга буруу аракети жасалган. Сыймыгыбыз “Манас” эпосу англис тилине которулуп, басмадан чыккан. Айтор, айтып олтурсак, элибиздин көөнөрбөс мурасын эл арасына – дүйнө коомчулугуна таанытууга бир топ астейдил иштер аткарылган.

— Ушул жерден залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов агабыз башында туруп уюштурулган эл аралык “Ысык-Көл форуму” тууралуу эскере кетпесек болбостур. Анткени мындай масштабдагы демилгелер коом турмушундагы чанда бир кездеше калчу зор окуя эмеспи. Ал ишке Сиздин дагы салымыңыз бар экенин көпчүлүк жакшы биле бербейт…

— 1997-жылы Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун Ысык-Көл форумун кереметтүү көлүбүздүн жээгинде өткөрүү тууралуу демилгесин ЮНЕСКОнун штаб-квартирасы жана анын башкы директору, агабыздын жакын досу Федерико Майор колдоп чыкканы белгилүү. Ошол дүйнөлүк деңгээлдеги аалымдардын форумуна мени жооптуу катчы катары дайындашканы мен үчүн чоң сыймык болгон. Бир чети сыймык болсо, экинчи жагынан укмуштуудай чоң жоопкерчилик экенин мен жакшы түшүнүп, мындай чоң жыйынды бийик деңгээлде уюштурууга жана өткөрүүгө бардык күч-аракетимди, уюштуруучулук жөндөмүмдү жана билимимди жумшадым. Менин оюмча Ысык-Көл форуму абдан бийик деңгээлде өткөрүлүп, эл аралык коомчулукта абдан жакшы ой-пикирлерди калтырды. Жакшы иштин шарапаты демекчи, ошол иштин жакшы жаңырыктары күнү бүгүнкүгө чейин улантылып келатат.

— Айтыңызчы, залкар замандашыбыз менен жакындан иштешип, үзөңгүлөш жүргөндө кандай сабактарды алып чыктыңыз?

— Чындыгында Чыңгыздай агабыз кыргыз элинин чолпон жылдызы, сыймыгы десем жаңылышпайм. Ал адамдын жанында иштешүү түгөнбөгөн таалим калтырды. Ошол жылдары ЮНЕСКОнун колдоосу алдында башкы редактор катары «Центральная Азия и культура мира» журналын чыгарган элек. Журналдын Эл аралык редакциялык кеңешин Чыңгыз агабыз жетектечү. Дүйнөлүк залкар адамдардын катышуусунда журналыбыздын бет ачарын ЮНЕСКОнун генералдык конференциясында Федерико Майор өзү өткөрүп, Айтматов агабыз катышканы эсимден кантип чыкмак эле. Даанышман агабыздын карааны бизге чоң сыймык жана таалим болгон. Ал адамдардын терең ой чабыты, дүйнөлүк масштабда ой жүгүрткөнү, жалпы адамзаттын көйгөйлүү маселелерин көтөргөнү дайыма көңүлдү көкөлөтчү. Мына ушундай адамдар менен замандаш болгонума сыймыктанчумун.

— Сиздин илимий эмгектериңизди барактап чыккан адам маданий мураска басым жасаганыңызды дароо баамдайт. Элибиздин маданий көөнөрбөс байлыгын тереңдеп изилдөөгө аракетиңиздин түпкү тамыры эмнеде?

— Менимче, жогоруда айткандай, адамдын калыптанышына үй-бүлө, турмуш жагдайлары өбөлгө болсо керек деп ойлойм. Менин чоң атам өз заманынын билимдүү адамдарынан болгон экен. Арабча, түрк тилдерин мыкты билчү. Ыр жазып, китеп жазган адам эле. Балким, ошол чоң атамдын таасиридир. Айтор, дүйнө таанымымда ушул багытка басым жасаптырмын. Негизи ар элдин жакшы тилеги, илгери үмүтү ушул элдик чыгармачылыкта катылуу эмеспи. Ошол чыгармачылык аркылуу эл адилеттик, жакшылык тууралуу өзүнүн ой-чабытын чагылдырат да. Ыймандай сыры ошол маданий мурасында катылуу деп түшүнөм. Улуттук университеттин чет тилдер факультетин аяктап, Москвадагы М. В. Ломоносов атындагы мамлекеттик университеттин философия факультетинин аспирантурасына өткөнүм дагы ошондон улам болсо керек.

— Сиз өмүр бою мамлекеттик кызматтарда жүрдүңүз, бийликтин жогорку тепкичтеринде турдуңуз. Философиянын казанын кайнатып, саясаттын негиздерин терең изилдедиңиз. Асыл нарктуу аялзатынын көрүнүктүү өкүлү катары ушул жылдары аялзатынын коомдогу орду тууралуу мурда-кийин пикириңиз өзгөрдүбү же?..

— Мезгил өткөн сайын аталган маселе боюнча пикирим таптакыр башкача нукта өзгөрдү. Жаш кезибизде мен башкача ойлочумун. Жаш илгерилеген сайын аялзатынын коомдогу, үй-бүлөдөгү орду тууралуу пикирим азыр башкача. Азыр бийлик бийиктиктерин багындыруу – башкы максат катары эсептебейм. Эң негизгиси аялзаты үй-бүлөдө жакшы маанай түзүп, үй-бүлөнүн очогун, жылуулукту сактап, балдарды тарбиялоого көп аракет жумшаганы оң деп ойлойм. Үй-бүлө – мамлекеттин түпкү уңгусу, жерпайы. Үй-бүлө бекем болсо, мамлекет күчтүү болот. Өзүм көп балалуу бүлөдө чоңоюп өскөнүм үчүнбү, айтор ошол ойго токтолуп олтурам. Чоң үй-бүлөдө эң негизгиси эмгекке үйрөтөт, боорукерликке, улууну урматтаганга, кичүүнү ызаттаганга үйрөтөт. Биз улуу муундагы адамдардын жакшы салттарын терең изилдеп үйрөнүүгө, алардын жакшы таалимин алууга умтулганыбыз туура. Ата-бабаларыбыздын жакшы мурастарын улантсак, келечегибиз кең болоору талашсыз.

— Сиздин көп кырдуу инсан экендигиңиз көпчүлүктү таң калтырбай койбойт. Мамлекеттик чоң кызматтарды аркаладыңыз, саясий илимдеринин доктору даражасына көтөрүлдүңүз, педагогикалык ишмердикти илгерилеттиңиз, эл аралык журнал чыгардыңыз, далай китептерди жаздыңыз, эми экология маселелерине терең аралашып жүргөнүңүздү эшитип калдык. Мынчалык көп иштердин башында туруш кыйын бекен?

— Сиз санаган ишмердиктин багыттары турмушумда биринен сала бири улап келди десем жарашат. Себеби экология маселеси, жаратылышты коргоо темасы мурдагы ЮНЕСКОдогу ишмердигимдин уландысы. Биз кыргыз маданиятын ааламдашуу шартында жалпы дүйнөлүк маданияттын бир бөлүгү катары таанытып, журнал чыгарганыбызда, «Ааламдашуу шартындагы кыргыздардын этномаданий иденттүүлүгү» деген илимий монография жазган элем. Ошонун негизинде диссертация жактадым. Кийинчерээк маданият таануучу Эркеайым Жоробекова жана искусство таануучу Гүлчахра Токтосунова менен бирдикте «Кыргыздардын мурасы же Улуу Жибек жолундагы Тоо оазиси» деген эмгек жарыяладык. ЮНЕСКОнун колдоосу менен “Көөнөрбөс мурас” (Нетленное наследие) басылмасын чыгардык. Дал ошол докторлук диссертациямдын үстүндө иштеп жатып, мен өзүм үчүн ачылыш жасадым – глобалдуу өнүгүүнүн технократтык сценарийинин ордуна экологиялык цивилизация келиши керек. Жалпак тил менен айтканда, жаңы миң жылдыкта биз жаратылыш менен ынтымакта жашаганыбыз жакшы. Болбосо адамзат өзүбүздү өзүбүз жок кылабыз. Мына ушул омоктуу ой азыр мени абдан тынчсыздандырат. Ал эми кыргыздардын этномаданий иденттүүлүгү жана маданий тарыхы боюнча изилдөө жасап жүрүп, мен өзүм үчүн дагы бир ачылыш жасадым – кыргыз элибиздин маданияты өзүнүн маңызы боюнча экологиялык жактан таза экен. Кылымдар бою кыргыздар жаратылыш менен эриш-аркак жана шайкеш жашап келген, ошондуктан этнос катары, эл катары сакталып калганбыз.

Чын-чынына келгенде экология – кыргыздын салттуу маданияты экен. Андай болсо эмне үчүн биз көөнө маданиятыбызды тереңдетип, жаңы бийиктикке көтөрүп чыга албайбыз? Азыркы күндө мен дал ушул максатты көздөп келатам.

2000-жылдардын башында мен ханзаада Ага Хан Египеттин борбору Каирдеги таштанды төгүүчү чоң аймакты оюн аянтчалары бар кооз паркка айландырганын окуган элем. Ал эми Ысык-Көл районундагы Чоң-Сары-Ой айылында каралбай калган чарбалар аралык курулуш аянтчасын уруксатсыз таштанды төгүүчү жайга айлантып алышкан экен. Жергиликтүү тургун ал аянтчаны менчиктештирип, анан мага сатып жибериптир. Ханзаада Ага Хандан эмнем кем, мен дагы таштанды төгүүчү жайды бейиш багына айландыра алам деп ойлондум. Бир нече жүк ташуучу унаалар менен таштандыларды жүктөп, ташып чыгардым. Азыркы кезге чейин мен ал жерди курулуш калдыктарынан, сынган айнектерден, шифердин сыныктарынан, дат баскан металлдан жана башка калдыктардан тазалап келем.

Ал жер иштетүүгө ылайыктуу эмес болчу. Биз аны тазалап, тырмап, кык чачып, жакшы карадык эле, азыр ал жер түшүм бере баштады. Бүгүнкү күндө бул таштанды төгүүчү жай бейиш багына айланды. Ал жерде 170 мөмөлүү дарак, арча, көк карагай жана роза гүлзарлары жана дары чөптөр (календула, ромашка ж.б.) өсөт. Мен бул жерде швейцариялык таштандыларды бөлүү долбоорун ишке ашырып жатам. Кыскасы, биз таштанды жыйналган жерди киреше берчү аймакка айландырып жатабыз.

Мен учурда мына ушул ыкманы айыл жерине таркатууга аракет кылып келем. Тилекке каршы, жергиликтүү тургундар азырынча ыкшоолук кылып жатышат, таштандыларды көп ыргытышат. Ата-бабаларыбыздын жерге карата камкор мамилесин кайра калыбына келтиришибиз керек. Мен бул идеяны ишке ашыруудан баш тартпайм жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу (айылдык өкмөт) органдары аркылуу алга жылдырам. Жакында жаңы жетекчилик келди, мен алар менен жалпы тил таба алам деген ойдомун. Чындыгында азыркы шартта жергебизде экология көйгөйү абдан актуалдуу.

Мен жумушчу кийимдеримди кийип алып, жер менен иштегенди жакшы көрөм. Жер күрөктөйм, көчөт отургузам, экологиялык жактан таза жашылча-жемиштерди бакчамда өстүрөм. Экологиялык долбоордун алкагында Курманжан Датка атындагы көчмө маданият музейинин айланасына көчөт тиктик. Эл эмгегин жер жебейт демекчи тигилген дарактар жашылданып, көгөрүп чыкканда жасаган ишиңен ырахат алат экенсиң.

Негизи азыр элет жеринде табиятыбызды, экологиябызды сактаганга көп көңүл бурушубуз керек. Анткени биз кийинки муунга жайкалган жаратылышты, көйкөлгөн көпкөк таза көлүбүздү калтырууга милдеттүүбүз деп ойлойм.

— Адаш эже, ушундай чечилип, аңгеме куруп бергениңизге чоң ырахмат!

Жээнбүбү Тукендерова, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер

28-апрель, 2026-ж. / Редакция / Коом 930
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X