АДИЛ КАСЫМБЕКОВ: “ЧОҢ АТАМ ЖАШООБУЗДА ЧОҢ УСТАТ, НАСААТЧЫ БОЛДУ”
Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Баатыры Төлөгөн Касымбековдун көзү тирүү болгондо быйыл 95 жашка чыкмак. Төлөгөн Касымбековдун кыргыз адабиятына, тарыхына болгон сүйүүсү эбегейсиз. Анткени, анын мазмуну терең чыгармалары кыргыз адабиятында орду өзгөчө. Бизге бул жолу жазуучунун небереси Адил Касымбеков чоң атасы тууралуу эскерип, пикирлешти.
– Менин түбүм, балалыгым Аксы жеринен башталат. Аксынын Кичи-Ак-Жол деген жеринде жарык дүйнөгө келгем. Чоң атам Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбеков, чоң апам экөө ал кездеги Фрунзе шаарында жашашчу. Ал эми менин атам Малик чоң атамдын үчүнчү уулу болот. Мен айыл менен шаарды, табият менен адабиятты бириктирген эки дүйнөнүн ортосунда төрөлүп, кийин ошол эки дүйнөнүн таасири менен чоңойдум десем болот. Беш жашка чыкканымда атам менен Фрунзеге келген элек. Аксыга кайра кайта турган маалда чоң апам мени кучагына бекем кысып алып: “Биз Адилди өзүбүз тарбиялап өстүрөлү”- деп атама айтат. Чынында, ошол учур тагдырымды өзгөрткөн чечим болуптур. Анткени, ошол күндөн тарта чоң атам менен чоң апамдын колунда калып, аларды ата, апа деп ошол үйдүн жылуулугунда чоңойдум. Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы орто мектепте 1-класстан 11-класска чейин окудум. Ал эми биздин жашообузда чоң атам чыныгы устат, насаатчы болду. Чоң атамдын жанында өткөргөн күндөрүм бүгүнкү инсан болуп жетилишиме, калыптанышыма бекем өбөлгө болду.
“Сынган кылыч”
– Чоң атам, быйыл көзү тирүү болсо 15-январда 95 жашка чыкмак. Бул дата биздин үй-бүлө үчүн чоң атамдын өмүр жолун, адабияттагы зор эмгегин жана акыл-насааттарын калтырган эскерүүчү өзгөчө маанилүү күн. Чоң атам көп убактысын архивдерде өткөргөнүн, кээде бир майда маалымат тапса да аны чоң олжо тапкандай кубанып келээр эле деп Райкан деген абам көп эскерип калат. Мисалы, «Сынган кылыч» романындагы Иса олуянын образы да ушундай архивдик изденүүлөрдөн жаралган. Чоң атам чыгармаларын жазаарда элес, образдар оюна келип, текст менен айкалышчу экен. Бул көрүнүштөр чоң атамдын чыгармачылык дараметинин, көрө билүү жана сезе билүү жөндөмүнүн өзгөчө бир белгисиндей сезилет. Чоң атам кээде мындай деп калчу: «Мен китеп жазарда образ жаратып жүрө берем. Анан барып, бир күнү отуруп жазып киришем. Ошондо чоң апаң: “Төлөгөн, бир аз эс алып албайсыңбы? Үч күндөн бери жазып жатасың”, — дейт. Календарды карасам, чындап эле ошончо убакыт өтүп кетиптир. Уктабай же аз гана уктап алып, иштей бериптирмин» -дечү.
Чыгармалары түндүн бир оокумунда жазылчу
– Чоң атам жетимиш жаштан өткөндөн кийин да жазууну токтоткон жок. Тескерисинче, компьютер менен иштегенди үйрөнүп алды. Ага чейин болсо ойлорун кагазга колу менен түшүрчү. Кээде узак убакыт жазып отуруп, анан бир ирмемде эле баарын четке сүрүп койчу. «Бул али жетиле элек» — дегендей, ондогон барактарды кайра чийип салган учурлары эсимде. Кээде түнкү саат үч-төрткө чейин, айрым учурларда таң атканча иштегенин көрөр элем. Кичине кезимде түн ортосунда ойгонуп кетип, көзүмдү ачсам, чоң атам дагы эле уктабай, үстөлүнүн жанында жазып отурчу. Үйдө дептерлер үнсүз күбө болуп жыйнала берчү. Кол жазма бүткөн соң, ал текстти машинкага салып, ар бир тамганы кайрадан тартипке салчу. Кайрадан сөз дүйнөсүнө сүңгүп кетчү.
Эмгектен качпа дечү
– Чоң атам менен сүйлөшүүлөрүбүздү абдан сагынам. Сөзгө өзгөчө маани берип, ар бир сөзүн шашпай айтчу. Менин сабактарыма дайыма көңүл буруп, туура багыт берүүгө аракет кылчу. Азыр артка кылчайып карасам, чоң атамдын эмгекчилдиги чанда жок экен. Көрсө, чоң атам убакыт менен жарышып жашачу тура. Анын ар бир сөзү, акыл-насааты, китепке жана кыргыз тарыхына болгон чексиз, чыныгы сүйүүсү менин дүйнө таанымымдын калыптанышына терең таасир тийгизди. Элге таанылган жазуучу болгону менен үй-бүлөдө токтоо, камкор, боорукер чоң ата эле. Бизге дайыма сабырдуулукту, адамгерчиликти, китепке болгон сүйүүнү үйрөттү.
Китеп окуу бул – баалуулук
– Үй-бүлөбүздө, туугандар арасында адабиятка жакын, китепке өзгөчө мамиле кылгандар арбын. Бул артыкчылык чоң атамдан калган көрөңгө болду. Адабиятта эмгек жаратуу — чоң атамдын өмүрү менен өлчөнгөн бийиктик деп ойлойм жана баалайм. Биз анын калтырган бай адабий мурасын ыйык мурас катары көрүп, сөзүнө кулак салып чоңойдук. Китеп окуу — үйүбүздө кадимки адат эмес, баалуулук эле. Китеп текчеде эмес, ойдо, жүрөктө турушу керек. Биз чоң атам жеткен бийиктикти ар дайым сыйлоого, аздектөөгө умтулабыз.
Кара-Көлдөгү ири долбоор
Жазуучунун небереси Адил Касымбеков кесиби боюнча инженер-геолог. Докторлук ишин Япониядан жактап келген. Анын докторлук иши Тянь-Шань аймагындагы орто жана жогорку басым шарттары, тоо тектерин изилдөөгө арналган. Ал маектин жүрүшүндө ушу тапта Кыргызстандын түштүгүндө салынып, өзү эмгектенип жаткан туннелдин курулушу, келечеги тууралуу да айтып берди. Билимдүү, жаш адис Кыргызстанда жаңы транзиттик жолдорду, чакан жана ири ГЭСтерди куруу абдан маанилүү дейт.
– Адил мырза, ушу тапта Кара-Көлдө кандай туннель салынып жатат, курулушу бүтсө өлкөбүз үчүн кандай артыкчылыктар болот?
– Азыр Кара-Көлдө жаңы туннелдин курулушу жүрүп жатат. Бул чоң инфраструктуралык долбоордун бир бөлүгү болуп саналат. Бул туннель Бишкек — Ош жолунун 400-чакырымында салынууда. Анын узундугу болжол менен 750 метр. Бул участок тоо-таштуу, көчүп түшүү коркунучу жогору аймак болгондуктан, жаңы туннель жолдун коопсуздугун жана жыл бою өтүүнү жакшыртат. Бул долбоор Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен Жапониянын Takenaka Civil Engineering компаниясы тарабынан ишке ашырылууда. Курулуш аяктаса жер көчкү, таш түшүү же конструкциянын бузулуу коркунучун кескин азайтат. Туннелдин кызмат мөөнөтү узак болот. Бетон конструкциялары, бекемдөө материалдары жогорку сапатта жасалгандыктан, туннель ондогон жылдар бою капиталдык оңдоосуз иштей алат. Үчүнчүдөн, кыргыз адистери үчүн чоң тажрыйба мектеби. Жапон инженерлери менен чогуу иштөө аркылуу жергиликтүү адистер заманбап туннель куруу ыкмаларын өздөштүрүп, келечектеги ири долбоорлорго негиз түзүлөт деген ойдомун. Жыйынтыктап айтканда, бул туннель — жөн гана жол курулушу эмес, коопсуздукка, сапатка жана келечекке салынган инвестиция.
– Кыргызстанда жол, ГЭС куруу долбоорлорунун келечеги, мындай ири долбоорлорго даярдык, мүмкүнчүлүгүбүз жетиштүүбү?
– Кыргызстанда жол жана ГЭС куруу долбоорлорунун келечеги бар. Бирок ал туура пландоо менен сапатка көз каранды. Биринчиден, жол куруу боюнча келечек туруктуу. Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан жол — бул жөн эле инфраструктура эмес, аймактарды бириктирген кан тамыр боло алат. Азыркы жана келечектеги негизги багыттар туннелдерди көбөйтүү (аба ырайына көз карандысыз болуу), эл аралык транзит жолдорун өнүктүрүү, эски жолдорду оңдоп-түзөө эмес, кайра сапаттуу куруу маанилүү. Жол тармагы өлкөнүн экономикасын олуттуу алдыга сүрөйт. Экинчи ГЭС куруу — Кыргызстан үчүн стратегиялык багыт. Биздин негизги байлык — суу ресурстары эмеспи. Кичи жана орто ГЭСтер, ошондой эле ири долбоорлор энергетикалык көз карандысыздыкты күчөтөт, экспорттук мүмкүнчүлүктү кеңейтет. Көмүр жана газга болгон муктаждыкты азайтат. Бирок ГЭС курууда эң маанилүүсү — геологиялык изилдөөнүн сапаты жана коопсуздукка басым жасоо зарыл. Бул этап алсыз болсо, кийин чоң тобокелдиктер жаралат. Үчүнчү инженердик жана геологиялык жоопкерчилик күчөшү керек. Жол да, ГЭС да биринчи кезекте геологияга таянат. Тоо тектердин туруктуулугу, жер көчкү, сейсмика, суу режимдери мунун баары алдын ала так эсептелбесе, долбоор кымбатка түшөт же кооптуу болуп калат. Ал эми чет элдик технология, жергиликтүү адистер бул абдан туура формула. Жапон, европалык технологиялар бизге керек. Бирок алар кыргыз адистеринин тажрыйбасы менен айкалышканда гана натыйжалуу болот. Жыйынтыктап айтканда, Кыргызстанда жол жана ГЭС куруу долбоорлорунун келечеги реалдуу жана перспективдүү.
– өлкөдө ири долбоорлорго жергиликтүү адистерди тартуу жагы кандай?
– Келечекте илимий, профессионалдык жана коомдук багытта иш жүргүзүү боюнча максаттарым бар. Тянь-Шандын геологиясын, комплекстерин изилдөөнү улантып, жаңы ачылыштар менен Кыргызстандын илимий потенциалын чыңдоого умтулсам дейм. Мындан ары да илимий изилдөөлөр аркылуу Тянь-Шандын тек гана тоолор жыйындысы эмес, миллиарддаган жылдык тарыхты камтыган жандуу геологиялык архив экенин дагы бир жолу тастыктоого аракеттенем. Азыр Англиянын бир университетиндеги профессор жана Геология институтунун метаморфизм лабораториясынын жетекчиси доктор Рустам Орозбаев менен биргеликте илимий долбоор боюнча кат алышып жатабыз. Долбоор жакында эле биринчи турдан өткөн, эми экинчи турга даярданып жатам. Эгер долбоор ийгиликтүү өтсө, илимий ишимди Англияда улантуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Экинчиден, жергиликтүү адистерди тарбиялоо — менин эң маанилүү максаттарымдын бири. Өзүмдүн тажрыйбамды жаш геологдорго өткөрүп берүү менен алардын эл аралык деңгээлде компетенттүү болушуна салым кошкум келет. Эгер ийгиликтүү өтсө, жергиликтүү студенттерди да Англияда окутууга мүмкүнчүлүк түзүлүп калышы мүмкүн.
Мээрим Бактыбек кызы