Адилет БАЯМАН уулу: “Алыш күрөшү спортто өз ордун тапты”

23-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 26

2026-жылдын 13-14-апрель күндөрү “Жаштык” аренасында алыш бел боо күрөшү боюнча чоңдор арасындагы Азия чемпионаты жогорку деңгээлде өтүп, ага Азиянын 15тен ашуун өлкөсүнөн келген мыкты балбандар катышты. Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, ошондой эле Индия жана Иран өлкөлөрүнүн улуттук курама командалары күч сынашты. Мелдеш эл аралык талаптарга ылайык уюштурулду. Дүйнөлүк алыш бел боо федерациясынын президенти Адилет Баяман уулу менен маек курдук.

— Алыш чемпионаты тууралуу айтып берсеңиз?

— Алыш чемпионаты – бул кыргыз элинин улуттук спорттун бир түрү. Ал республикалык, азиялык жана эл аралык деңгээлде уюштурулуп, балбандардын күчүн, ыкмасын жана чеберчилигин сыноочу маанилүү иш-чара. Балбандар бири-бирин курдан кармап, жыгууга аракет кылышат.

— Алыш күрөшүн өнүктүрүү жана жайылтуу маселеси кандай жүрүп жатат?

— Азия чемпионатына аябай курч даярдык көрдүк. Бизге техникалык, материалдык жактан жакшы мүмкүнчүлүктөр берилди. 15тен ашык өлкөнүн балбандары келди. Мелдештер олимпиадалык тартипте, Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун талаптары менен өттү. Кыргызстандын курама командасы окуу-машыгуу жыйындарды Ысык-Көлдө өткөрүп, жогорку даярдыкты көрүштү.

— Күрөшкө мамлекет тарабынан кандай колдоо көрсөтүлүп жатат?

— 2012-жылы Жогорку Кеңеште каралган мыйзамга улуттук спорттун 12 түрү кирген. Жылдан-жылга мамлекет тарабынан бюджетти көбөйтүп жатышат. Алыш күрөшү расмий спорт түрү катары өнүгүп, мамлекеттик спортто өз ордун тапты. Тиешелүү министрлик тарабынан улуттук спорт түрлөрүн өнүктүрүү программаларына алыш спорту дагы киргизилип, мелдештерди өткөрүүгө жана спортчуларды даярдоого каражат бөлүндү. Спортчуларга түзүлгөн шарттар да маанилүү. Алыш менен машыккан балбандарга спорт мектептери, машыгуу залы, стипендиялар дагы каралып жатат.

— Алыш бел боо күрөшү ата-бабаларыбыздан калган мураспы?

— Ообо, алыш күрөшү бул биздин ата-бабаларыбыздан бери уланып келе жаткан улуттук спорттун бир түрү. Алыш кыргыз элинин салттуу турмушунда чоң орун ээлеп, байыртадан эле тойлордо, майрамдарда өткөрүлүп келген. Балбандар эл арасында күчүн гана эмес, өзүнүн тарбиясын жана сабырдуулугун көрсөткөн. Азыркы учурда бул салт уланып, заманбап спорттук эрежелер менен өнүгүп жатат.

— Кыргыз спортчулары кандай жыйынтыкка жетишти?

— Бул Азия чемпионаты алыш бел боо күрөшүнүн популярдуулугун арттырып, жаш спортчулар үчүн чоң мотивация болду. Ошондой эле улуттук спорттун келечегине болгон ишеним бекемдеп, Кыргызстанды эл аралык спорт аренасында дагы бир жолу таанытышты. Балбандар алыш күрөшү боюнча Азия чемпионатында эркин стиль боюнча Кыргызстандын капчыгына 12 медаль алып келишти. Эркектер арасында балбандарыбыз Роман Сапаров (60 кг), Эрболот Каарав (70 кг), Мыктыбек Омурзак уулу (80 кг) жана Ахрорбек Абдукаимов (100 кг) чемпион аталышты. Кыздар арасында алтын медалдын ээлери Айкөл Зияпова (75 кг), Асель Жакыпова (55 кг) Азия чемпиону аталышты.

Чынара КАЛМАТОВА

 

 

23-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 26
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X