Адилет Орозбеков Эл аралык коопсуздук форумуна катышты

28-май, 2026-ж. / Редакция / Саясат 403

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков 28-майда Москва облусунда өткөн биринчи Эл аралык коопсуздук форумуна катышты.

Форумдун алкагында коопсуздук маселелерин тескеген органдардын жетекчилеринин жыл сайын өтүүчү эл аралык жолугушуусу уюштурулду.

Пленардык жыйында сөз сүйлөгөн Адилет Орозбеков азыркы шартта эл аралык коомчулуктун күч-аракетин бириктирүү, өз ара ишенимди бекемдөө жана коопсуздук тармагындагы практикалык кызматташууну өнүктүрүү өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.

Ошондой эле ал туруктуу жана коопсуз келечекти камсыз кылууда биргелешкен жана натыйжалуу аракеттер гана жыйынтык бере аларын баса көрсөттү.

Белгилей кетсек, биринчи Эл аралык коопсуздук форуму Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңеши тарабынан уюштурулуп, анын алкагында тематикалык жыйындар, көргөзмөлөр жана илимий-практикалык семинарлар өткөрүлдү.

28-май, 2026-ж. / Редакция / Саясат 403
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X