Адилет Орозбеков эл аралык жыйынга катышты

19-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 98

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков 19-ноябрда БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) Кыргызстандагы Өлкөлүк программалык комитетинин жыйынына катышты.

Жыйынга Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги, мамлекеттик органдардын башчылары, академиялык жана эксперттик чөйрөлөрдүн, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Адилет Орозбеков өз сөзүндө улуттук коопсуздук жана туруктуу өнүгүү мамлекеттик саясаттын өз ара байланышкан негизги багыттары экенин белгиледи.

Анын айтымында, азыркы чакырыктарга каршы күрөшүү үчүн коркунучтардын кесепеттерин жоюу менен гана чектелбестен, алардын алдын алуу механизмдерин түзүү, мамлекеттик органдардын туруктуулугун бекемдөө жана тобокелдиктерди өз убагында аныктоо зарыл.

Жыйындын соңунда буга чейин ишке ашырылган долбоорлорго баа берилип, алдыдагы жылдарда кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары аныкталды.

19-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 98
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X