Адилет Жолдошов, «Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму» ААКнын Талас филиалынын директору: «4122 турак жай камсыздандырылды»
Камсыздандыруу — күтүлбөгөн кырсыктардан, мүлктүк жоготуулардан же башка тобокелдиктерден келип чыккан материалдык чыгымдардын ордун толтурууну камсыз кылат. Акыркы жылдары аймактарда, элет жерлеринде кыймылсыз мүлктөрүн камсыздандырган жарандарыбыздын саны өсүүдө. Бул багытта «Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму» ААКнын Талас филиалынын директору Адилет Жолдошов менен маектештик.
– Адилет Айдарбекович Таласта элдин камсыздандырууга катышуусу кандай жүрүүдө?
– «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» Ачык акционердик коомунун Талас облустук филиалы 2015-жылдагы №883 токтомунун негизинде түзүлгөн. Филиалдын негизги максаты, жарандардын жана юридикалык жактардын мүлктүк кызыкчылыктарын коргоо, күтүлбөгөн кырсыктардан келип чыккан материалдык чыгымдардын ордун толтурууга көмөк көрсөтүү болуп саналат. Биз облус аймагында мамлекеттик жана жеке менчик мекемелер, ошондой эле жеке жактар менен тыгыз кызматташып келебиз. Акыркы жылдары эл арасында камсыздандыруунун маанисин түшүнүп, өзгөчө турак жайын жана автоунаасын камсыздандырууга кызыккан жарандардын саны артууда. Себеби, жарандарыбыз камсыздандыруу полиси күтүлбөгөн өрт, табигый кырсык же жол кырсыгы сыяктуу учурларда үй-бүлөнүн финансылык туруктуулугун сактоого чоң жардам берерин жакшы түшүнө башташты.
– Камсыздандыруунун түрлөрү жана баалары кандай эсептелет?
– Бүгүнкү күндө биздин филиал аркылуу жарандар турак жайларын жана автоунааларын камсыздандыра алышат. Мындан тышкары мыйзамдарда каралган милдеттүү жана ыктыярдуу камсыздандыруу түрлөрү боюнча кызмат көрсөтөбүз. Алар: кызматкердин өмүрү жана ден соолугу, жүк ташуучулар, кооптуу жүктөрдү ташуучулар, кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилиги милдеттүү камсыздандырылат. Ал эми ыктыярдуу камсыздандыруунун 30дан ашык түрү бар. Турак жайды камсыздандыруунун баасы айыл жеринде жылына 600 сом, шаар жеринде 1200 сомду түзөт. Камсыздандыруу катталган учурда айыл жериндеги турак жайларга 500 миң сомго чейин, шаар жериндеги турак жайларга 1 миллион сомго чейин камсыздандыруу кенемтеси төлөнүп берилет. Ал эми автоунаа каражаттарын камсыздандыруунун баасы базалык түрдө 1680 сомдон башталат. Полистин баасы унаанын кыймылдаткычынын көлөмүнө жана айдоочунун тажрыйбасына жараша өзгөрөт.
– Ушу тапта аймакта канча жаран камсыздандыруу полисин алышты?
– Бүгүнкү күндө Талас облусу боюнча «Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу» боюнча 4122 турак жай камсыздандырылды. 3018 автоунаа каражатына камсыздандыруу полиси берилди. Бул көрсөткүчтөр жылдан-жылга өсүп жатканын белгилегим келет. Бул элдин камсыздандыруунун маанисин түшүнүп, өзүнүн мүлкүн жана финансылык коопсуздугун алдын ала коргоого болгон жоопкерчилиги жогорулап жатканын көрсөтөт. Биз мындан ары дагы түшүндүрүү иштерин күчөтүп, камсыздандыруу кызматтарын мүмкүн болушунча көбүрөөк жарандарга жеткирүүнү максат кылып жатабыз.
– Кенемтелер кандай шарттар менен төлөнөт?
– Эң башкысы, камсыздандыруу келишиминде каралган камсыздандыруу окуясы келип чыгып, ал камсыздандыруу жагдайы деп табылышы зарыл. Мындай учурда камсыздандырылган жаран же пайда алуучу биздин филиалга белгиленген мөөнөттө кайрылып, тиешелүү документтерди тапшырат. Биздин авариялык комиссарлар камсыздандыруу окуясынын жагдайларын кылдат иликтеп чыгышат. Эгер окуя келишимдин шарттарына толук туура келсе жана бардык талап кылынган документтер өз убагында берилсе, келишимде белгиленген тартипте бир айдын ичинде төлөнүп берилет.
– Бүгүнкү күнгө канча жаранга каражат төлөп берилди?
– 2026-жылдын 1-январынан 26-июнуна чейин кардарларыбызга 3 миллион 212 миң 307 сом өлчөмүндө камсыздандыруу кенемтеси төлөндү. Мисалы, 2025-жылы кардарларыбызга жалпысынан 2 миллион 329 миң 42 сом төлөнүп берилген болсо, быйылкы жылдын алгачкы алты айында эле бул көрсөткүч 3 миллион 212 миң 307 сомго жетти. Камсыздандыруу полиси күтүлбөгөн өрт, жол кырсыгы, табигый кырсык же башка камсыздандыруу окуясы болгондо, адам бардык чыгымды жалгыз көтөрбөйт, ага камсыздандыруу компаниялары жардамга келет.
Мээрим Бактыбек кызы