Административдик укук боюнча Евразия конгрессин түзүү тууралуу декларацияга кол коюлду
Казакстан Республикасынын Жогорку сотунда Административдик укук боюнча Евразия конгрессин түзүү жөнүндө декларацияга кол коюу аземи болуп өттү.
Документ Казакстанда административдик юстиция институтунун киргизилгендигинин беш жылдыгына арналган «Административдик юстиция жана анын укук үстөмдүгүн камсыздоодогу ролу» аттуу эл аралык форумдун алкагында кабыл алынды.
Форумга Германия, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркия жана Азербайжандын жогорку сот органдарынын өкүлдөрү катышты. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун атынан иш-чарага Жогорку соттун Төрагасынын орун басары Нургуль Бакирова катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар административдик сот өндүрүшүн өнүктүрүү, мамлекеттик органдар менен болгон мамилелерде жарандардын укуктарын коргоонун натыйжалуу механизмдерин өркүндөтүү жана бул багыттагы алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу маселелерин талкуулашты. Евразия конгрессин түзүү демилгеси форумдун уюштуруучусу болгон Казакстан Республикасынын Жогорку соту тарабынан көтөрүлгөн.
Өз сөзүндө Нургуль Бакирова мындай демилгелер административдик сот өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана коомдук-укуктук мамилелер чөйрөсүндө жеке жана юридикалык жактардын укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоодо бирдиктүү укуктук мамилелерди калыптандырууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Ал ошондой эле укуктук мамлекетте адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери эң жогорку баалуулук болуп саналарын, ал эми аларды коргоо натыйжалуу укуктук инструменттер менен камсыздалышы керектигин баса белгиледи.
Мындан тышкары, Жогорку соттун Төрагасынын орун басары декларациянын кабыл алынышы судьялар үчүн административдик укук жаатындагы актуалдуу маселелерди талкуулоого мүмкүндүк берген жаңы эл аралык диалог аянтчасын түзөрүн белгиледи.
Форумдун биринчи күнүндө Нургуль Бакирова Казакстан Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Асламбек Мергалиевдин 2026-жылдын 2-июнундагы чечимине ылайык, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн «Эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» медалы менен сыйланды.
Ошондой эле иш-чаранын алкагында Административдик укук боюнча Евразия конгрессинин экинчи жыйынын Өзбекстан Республикасында өткөрүү пландалып жатканы маалымдалды.