Адылбек Касымалиев №23 мектептин курулушу менен таанышты

13-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 116

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында Бишкек шаарындагы №23 мектептин жаңы имаратынын курулушу менен таанышты. {{ item.title }}

Текшерүүнүн жүрүшүндө мектептин курулуш иштери жана объекттин даярдыгы тууралуу маалымат берилди. Буюрса, жаңы мектептин  имараты  жаңы окуу жылына карата пайдаланууга берилет.  {{ item.title }}

Жаңы билим берүү мекемеси үч кабаттан жана жер төлөдөн туруп, жалпы аянты 5 199,19 чарчы метрди түзөт. Мектеп 560 окуучуга ылайыкталып курулууда.

“Ачык кабинет” долбоору мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн ачык форматта көрсөтүүгө багытталган. Долбоордун алкагында жетекчилердин күнүмдүк иши, текшерүүлөрү жана кабыл алган чечимдери коомчулукка түз чагылдырылат.

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X