Адылбек Касымалиев АКШнын Мамлекеттик катчысы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

16-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 11

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Марко Рубио менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, каржы, инвестиция, жарандык авиация, санкциялар жана виза режимин жеңилдетүү маселелерин камтыган эки тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун саламын жеткирди. Ал “C5+1” форматынын маанисин белгилеп, бул платформа Борбор Азия менен АКШнын ортосундагы аймактык кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөрүн айтты.

МинКаб Төрагасы Кыргызстандын туруктуу экономикалык өсүшү тууралуу маалымат берип, 2022–2024-жылдары экономика жыл сайын 9 пайыздан ашык өскөнүн, ал эми 2025-жылдын жыйынтыгында өсүш 11,5 пайызга жетиши күтүлүп жатканын белгиледи.

Ал ошондой эле АКШны Кыргызстан үчүн маанилүү өнөктөш катары баалап, инновациялар, санариптик трансформация жана алдыңкы технологиялар багытында кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушууда жакында Вашингтондо өткөн саясий консультациялардын жыйынтыктары да талкууланып, тараптар диалогду улантууга даяр экенин ырасташты.

Жыйынтыгында эки тарап кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө умтуларын билдиришти.

16-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 11
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X