Адылбек Касымалиев Америка мамлекеттеринин уюмунун Башкы катчысы менен жолугушту

16-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 8

Вашингтонго болгон жумуш сапарынын алкагында Адылбек Касымалиев Америка мамлекеттеринин уюмунун Башкы катчысы Альберт Рамдин менен жолукту.

Жолугушуу уюмдун штаб-квартирасы жайгашкан, “Америка үйү” деп аталган имаратта өттү. Бул имарат Вашингтондун тарыхый борборунда, Ак үйдүн жанында жайгашып, Батыш жарым шардагы мамлекеттердин биримдигинин символу болуп саналат.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын Америка континентинин өлкөлөрү менен кызматташтыгын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Адылбек Касымалиев Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсү тууралуу маалымат берип, акыркы үч жылда өлкө экономикасы туруктуу жогорку өсүштү көрсөткөнүн белгиледи. Анын айтымында, ИДПнын орточо жылдык өсүшү 9 пайыздан кем эмес болуп, 2025-жылдын жыйынтыгында 11,5 пайызга жетиши күтүлүүдө.

Жолугушууда Кыргызстандын Америка мамлекеттеринин уюмундагы туруктуу байкоочу статусу да талкууланды. МинКаб Төрагасы бул кадам саясий диалогду жана кызматташууну кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Ошондой эле ал Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакыруу жолдоду. Иш-чара 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда өтөт.

Өз кезегинде Альберт Рамдин кыргыз делегациясын жылуу кабыл алып, экономикалык өсүштүн жыйынтыктарын жогору баалады жана уюм менен кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирди.

16-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 8
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X