Адылбек Касымалиев Азербайжанга иш сапары менен барат

1-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 20

Үстүбүздөгү жылдын 1-2-апрель күндөрү МинКаб Төрагасы – Президенттик Администрациянын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Азербайжанга иш сапары менен барат. Бул тууралуу Кыргыз Өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында Адылбек Касымалиев Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын/Вице-президенттеринин экинчи жыйынына катышат. Ошондой эле Азербайжандын Президенти Илхам Алиев менен жолугушат.

1-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 20
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X