Адылбек Касымалиев «Бета» эл аралык компаниясынын жетекчиси менен кызматташуунун келечегин талкуулады
25-июнда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев «Бета» компаниясынын (эл аралык бренд «Beta») Директорлор кеңешинин Төрагасы Бешир Угурду кабыл алды.
Адылбек Касымалиев компаниянын жетекчилигине Кыргыз Республикасына көрсөткөн кызыгуусу жана эки тараптуу өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Сүйлөшүү учурунда тараптар инвестициялык өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттарын кеңири талкуулашты. Тактап айтканда, аймактык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү, анын ичинде социалдык объектилерди долбоорлоо жана куруу маселелери каралды.