Адылбек Касымалиев: Чындыкка негизделген сөздүн баалуулугу өзгөрбөйт

7-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 62

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн кесиптик майрамы – Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!

Сиздерди бүгүнкү Кыргыз Республикасынын маалымат жана басма сөз күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Мамлекеттин тарыхы – бул окуялар менен кабыл алынган чечимдердин гана жыйындысы эмес, алардын коомдук аң-сезимде кандайча чагылдырылып, муундардын эс тутумунда сакталып, улуттук мурастын бир бөлүгүнө айланышы да болуп саналат. Дал ушул журналистика бүгүнкү окуялардын өлкөнүн тарыхында кандайча сакталып каларын жана аларга келечек муундар кандай баа берерин көп жагынан аныктайт.

Сиздердин негизги милдетиңиздер элге коомдук мааниге ээ окуяларды өз убагында жеткирүү, так жана калыс чагылдыруу, өлкө жарандарын ишенимдүү маалымат менен камсыз кылуу. Бул – чоң жоопкерчиликти, жогорку кесипкөйлүктү жана коом алдындагы милдетти терең түшүнүүнү талап кылган ардактуу кесип.

Сиздер күн сайын коомдун аң-сезимин калыптандырып, Кыргызстандагы маалымат мейкиндигин өнүктүрүүдө жана демократиялык баалуулуктарды бекемдөөдө жетекчи роль ойнойсуздар. Ар бир кабар, макала аркылуу сиздер элдин үнүн угузуп, коомдун өнүгүшүнө дем берип, адилеттүүлүк менен ачык-айкындуулуктун жогорку үлгүсүн көрсөтүп келесиздер.

Соңку он жылдыкта маалымат чөйрөсү таанылгыс деңгээлде өзгөрдү. Жаңы технологиялар маалымат таратуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, коомду кыйла ачык кылды жана коммуникациянын ылдамдыгын эселеп жогорулатты. Бирок технологиялык өзгөрүүлөрдүн баарына карабастан, эң башкы баалуулуктар өзгөрүүсүз калууда. Алар –чындыкка негизделген сөздүн баалуулугу, жүйөлүү аргументтин күчү жана чынчылдык менен жоопкерчиликсиз жетишүү мүмкүн болбогон ишеним.

Мындай шартта журналисттик этиканын принциптерин сактоо, маалыматтын аныктыгын текшерүү, ар тараптуу жана калыс көз карашты камсыз кылуу, ошондой эле коомдук кызыкчылыкты эске алуу өзгөчө маанилүү. Анткени коомдун ишеними – жалпыга маалымдоо каражаттарынын эң башкы баалуулугу. Ал эми ошол ишенимди сактоо жана бекемдөө ар бир медиа өкүлүнүн кесиптик милдети болуп саналат.

Сиздердин тынымсыз изденүүңүздөр, кесипкөйлүгүңүздөр ар бир жаран үчүнишенимдүү, так жана өз убагында маалыматты алып келүүгө мүмкүнчүлүк түзүүдө.

Ата мекендик жалпыга маалымдоо каражаттары улуттук биримдикти чыңдоодо, жаратуучулук демилгелерди илгерилетүүдө, тарыхый эс тутумду сактоодо жана Кыргызстан тууралуу дүйнө коомчулугунда объективдүү түшүнүктү калыптандырууда олуттуу потенциалга ээ экенине ишенем.

Майрамыңыздар менен өлкөбүздүн маалымат айдыңын өнүктүрүүгө салым кошуп келе жаткан урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын бардык өкүлдөрү!

Ар бириңиздерге чың ден соолук, бакубат жашоо, түгөнгүс чыгармачылык дем, кесиптик ийгиликтерди жана жооптуу ишиңиздерге жаңы жетишкендиктерди каалайм.

Калемиңиздер курч, сөзүңүздөр таасирдүү, эмгегиңиздер жемиштүү болсун!”

7-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 62
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X