Адылбек Касымалиев Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча Кеңештин жыйынын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин төрагалыгында Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча Кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жыйында «Кыргыз Республикасынын 2027–2031-жылдарга фискалдык саясаттын негизги багыттарынын долбоору» каралды.

Баяндаманы КР финансы министри Руслан Суйналиев жасады. Жыйындын жүрүшүндө 2027–2031-жылдарга кирешелердин жана чыгымдардын параметрлери, инфраструктуралык долбоорлорду каржылоо маселеси, ошондой эле ар кандай багыттар боюнча мамлекеттик чыгымдар талкууланды.

Кеңири талкуудан кийин Кеңеш долбоорду бир добуштан жактырды.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X