Аманкан Кенжебаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү: Ийгиликтер илгерилей баштады
Кенжебаев Аманкан Батырбекович тажрыйбалуу, такшалган жетекчилерден. Бийик бийлик сересине жетүү, эл сынынан өтүү жеңил эмес. Жогорку жоопкерчиликтин ысыгы менен суугуна чыдап, Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким кезинде эл менен болгон байланыштарын чыңдап, нечен маселелерди чечип, көйгөйлөрдү алыстатып, калк кадырына жеткен. Мыкты аким наамын эл-журту берип, белсенип бел чечпей иштеген. Жетекчилик ишмердиги бекемделген. Артынан алкыштарды ээрчитсе, алдынан алгылыктуу максаттарды утурлаган. Көп ийгиликтерди уткан. Санап чыгууга, салмактоого убакыт жетпейт. Тиреги солк этпес жемиштүү эмгек!
Аманкан Батырбековичтин акимдиги бир тең болсо, албетте депутаттыгы да бир тең! Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланышы, шайлоочуларынын талаптарын жетчү жерге жеткирип, сессияларда таңшып, олуттуу максаттарды күн тартибине такай коюшу, колдоосу депутаттын беделин көкөлөттү. Элдик аким, элдик депутатка айланып, айрыкча карапайым калкка жарыгын чачты.
Ош облусунда болуп өткөн эл менен болгон жолугушуулардагы Аманкан Батырбековичтин жетекчилик сүрү, чечкиндүүлүгү, эл үнүнө үндөш болуп, нечен жылдан бери чечилбей сүрсүп калган дың армандарды дароо колго алып, жеринде чечүүгө жол тапканы не деген ишмердик. Жасалган алгылыктуу кадамдарын кайталап олтурбайын. Мындай мыкты элдик жетекчилердин жетишкендиги бийиктегенден бийиктеп, ал эми калыс бааны калдайган калкы берет.
– Аманкан Батырбекович, убакыт учкан куш деп, бекеринен айтылбаптыр. Жарым жылдык жыйынтыктарыңыздар тууралуу токтолуп кетсеңиз. Берекесин берүүдөбү?
– Ордолуу Ош облусунда айрыкча өнөр жай тармагын өндүрүүгө өзгөчө көңүл бөлүнүүдө. 6 ай ичинде 48 жаңы ишкана ачылды. 400гө чукул жаңы жумуш орундары ээсин тапты. Бардарчылык, бакубат жашоо тамырын тереңдетүүдө. Жалпысынан өнөр жай тармагында 139 млн 018 миң сомдон ашык инвестиция өздөштүрүлдү.
Облус боюнча 11 млрд 004,8 млн сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индексинин өсүү темпи 122,9 пайызды түздү. Былтыркы жылдын жарым жылдыгынын өсүү темпи 105,5 пайызды түзгөн. Былтыркы жыл менен быйылкы жарым жылдык жыйынтыкка баа берсек, мактоого татыктуу өсүү темпи жогорулады. Демек, мындан ары да өнүгүүгө кадамдарды талыкпай жасап, аракеттердин акыбетин көрө берүүгө тийишпиз.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген “100 өнөр жай ишканасы–2026” долбоорунун алкагында 19 ири инвестициялык долбоор ишке ашырылууда. Бул долбоорлор энергетика, курулуш материалдары, тоо-кен, химиялык өндүрүш жана логистика тармактарын камтыйт.
Өндүрүш тармагы чыңдала берет. Өндүрүш өрдөгөн жерде салык төлөө да өрдөйт, көбөйөт. Финансы тармагындагы татыктуу маалыматка көз жүгүртсөк, мамлекеттик бюджетке чегерилүүчү салыктардын жана жыйымдардын облус боюнча планы 3 млрд 943 млн 482,1 миң сом болсо, иш жүзүндө аткарылганы 4 млрд 229 млн 731,5 миң сомду түздү, же берилген план 107,3 пайызга аткарылды. Былтыркы жылдын тиешелүү мезгилине салыштырсак, 286,2 млн сомго ашык жыйналган.
– Облустун социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүндө облустук өнүктүрүү фондунун ролу жогору. Максаттуу пайдалануу жаатындагы жаркыраган мисалдардан айта кетсеңиз?
– Айтканыңызда чындык бар. Эл менен болгон жолугушууларда каржы жагынан каржалган ишкерлер, мээнеткечтер да кездешип, ахыбалдарын ортого салышты. Иштин жайын териштирип, айрымдарына мына ушул облустук өнүктүрүү фондусунан жардам берип, кеңешип бармак кестик. Каржалгандар алган каржыларын сарамжалдуулук менен пайдаланууга тийиш.
Быйылкы жылы облустук өнүктүрүү фондуна 500 млн сом акча каражаты каралган. Учурда социалдык-инфраструктуралык багыттагы 64 долбоор каржыланууда. Экономикалык багыттагы 1 долбоор жактырылды.
Эл менен болгон жолугушууларда айыл аймактарында оорду жондон, жеңилди колдон алуучу атайын техникалардын көздөн учуп турары беш манжадай белгилүү болуп чыга келди. Тазалык тармагы баш болгон муниципалдык мекеме-ишканаларды заманбап техникалар менен камсыз кылуу өтө зарыл. Кудай башка салбасын ар кандай табигый кырсыктар, сел-көчкүлөр болуп турат. Мындай учурда заманбап техникалар жардамга келип, ажат ачышат эмеспи. Андыктан өнүктүрүү фонддун эсебинен 30 пайыз төлөмүн төлөп берүү менен аймактарга 92 даана атайын техника сатып алуу пландалууда. Фонддун эсебинен 30 пайызын төлөөгө 180 млн сом каралган. Бул айтылгандар зор иш.
– Аманкан Батырбекович, түштүктүн күжүрмөн элиндей баба дыйкандар жер шарында сейрек чыгар. Колдоо жарашса, каржы жагынан каржалган баба дыйкандар мол түшүмдү тоодой жыйнап, мээнеттери жанат эмеспи. Сөз сизде…
– Албетте, жер иштетип, мал баккан баба дыйкан, багбан, фермерлердин мээнетин акташ үчүн мамлекеттик колдоо оболу абадай керек. Бул багытта кийинки жылдарда жылыш чоң болууда. Айталык, “Айыл чарбасын каржылоо–14” долбоорунун алкагында облус боюнча жарым жыл ичинде банктар аркылуу 1470 жаранга 949 млн 124 810 сомдук жеңилдетилген 10%дык насыялар берилди. Тактап айтсак, “Айыл банк” 779 жаранга 525 млн 635 170 сом жана “Элдик банк” 691 жаранга 423 млн 489 640 сом беришти. Мындан 1257 жаран мал чарбачылыгы боюнча 821 млн 106 225 сом алган. 100 дыйкан 52 млн 075 385 сом алган. Тамчылатып сугаруу боюнча 9 жаранга 3 млн 925 000 сом берилген. Кыскасы, колдоого алынгандар ыраазы. Айыл чарбасы туруктуу өсүү жолуна бурулду. Мисалы, 25 миллиард 837,4 миллион сомдук айыл чарба продукциясы өндүрүлдү. Физикалык көлөмдүн индекси 103 пайызды түздү. Өткөн жылдын ушул маалына салыштырсак 2 миллиард 783,7 миллион сомго көбөйгөн. Түйшүктүү мээнет ээлерине колдоо дагы чыңдала берет.
– Кышка карата даярдыкты баштап жатыпсыздар. Отун-сууга болгон камкордук кандай жүргүзүлүүдө?
– Ар нерсенин эрте чечилиши – элдин эртеңкиси. Учурда жылуулук менен камсыздоочу муниципалдык ишканалар тарабынан 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык табында. Айрыкча материалдык-техникалык базаларынын абалы жана шарттары каралууда. Андыктан от казандарды оңдоо, жылуулук тармактарын калыбына келтирүү, жабдууларды текшерүү жана техникалык тейлөө иштерин чыңдоо боюнча жумуштар аткарылууда. Жалпы 798 от казан бар. Айрыкча медициналык мекемелер менен билим берүү тармагына көңүл бурбасак болбойт. Палаталар, класстар жылуу болууга тийиш. Саламаттык сактоо тармагында 159, билим берүү тармагында 617, муниципалдык жылуулук ишканаларында 22 от казан бар. Алардын даярдыктары эртелеп эске алынууда. Буюрса, кыштан жылуу аман-эсен чыгабыз.
– Жол куруу, оңдоо иштери ийине жетип жатыптыр. «Жолу оңолгондун иши да оңолот» деп кеменгер эл бекеринен айтпаган. Бүгүнкүдөй техникалар жок кезде илгери аксакалдар атчан баратса, аттарынан түшө калышып, жолду бууп калган таштарын терип, алыс ыргытышып, кийинкилерге жол ачышкан. Мына ушул мисалдан айтканда жолчулардын эмгеги теңдешсиз. Илгертен жол сыйлаган эл экенбиз. Жол боюнча да айтып берсеңиз?
– Облус боюнча автомобиль жолдорун оңдоо, тейлөө жана өнүктүрүү боюнча жалпы 2 миллиард 178,0 млн сомдук иштерди аткаруу пландалган. Мындан 798,97 млн сомдук иштер илгериледи. Анын ичинен оңдоо иштерине 94,22 млн сом жумшалып, 26 588,3 м2 жолдордогу аң-чөнөктөр 43,02 млн сомго жамалды. Ошондой эле 14 523,5 м2 жол чийиндери 21,53 млн сомго түшүрүлдү.
Мындан сырткары кышкы тейлөө иштерине 73,21 млн сом, жайкы тейлөө иштерине 19,89 млн сом жумшалды. Табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу жана жол инфраструктурасын калыбына келтирүү багытында 51,52 млн сомдук иштер аткарылды.
Быйылкы жарым жылдын жыйынтыгы менен жолдорду асфальттоо боюнча титулдук тизме аркылуу 56,2 чакырым жол асфальтталды. Ал эми “Мамлекеттик салымдар беренесинин” тизмеси боюнча 60,2 чакырым жол асфальтталмакчы. Жалпы облус аймагында жарым жыл аралыгында 116,4 чакырым автомобиль жолуна асфальт төшөлдү. Былтыркы жылга салыштырсак, албетте арымдуу кадамдар жасалды.
– Аманкан Батырбекович, жарым жыл оңой убакыт эмес. Бир ирмемин да текке кетирбеш керек. Эл менен болгон жолугушууларда курч айтылган Президентибиздин Жер мунапысы боюнча алгылыктуу иштерди жасап жатыпсыздар. Жарандар арманын аягына чыгаруу башкы милдет, парз экени талашсыз. Эл-журтка айтар кандай каалоо-тилегиңиз бар?
– Кыргызстандагы кийинки болгон мамлекеттик маанидеги салтанаттар Мекенибиздин кадыр-баркын көккө жеткирүүдө. Президентибиз Садыр
Нургожоевичтин жүргүзүп жаткан иштери даңазалоого татыктуу. Ар дайым колдоп, салымыбызды кошууга тийишпиз. Алдыда болуучу Бүткүл дүйнөлүк VI көчмөндөр оюнун жогорку деңгээлде өткөрүүгө ар бирибиз салымыбызды кошолу. Учурда бардык жерде даярдыктарыбыз жакшы. Эл ынтымагы, биримдиги тереңдесин. Жетишкен эмгек, жемиштүү ийгиликтерибиз менен атак-даңкыбыз көкөлөп, дүйнө жүзүн таң калтырып да, тамшандыра да берели. Алдыда келе жаткан майрамыңыздар кут болсун. Кыргыз бермети, керемети ыйык Ысык-Көлүбүздө жолугушчу күн жакын. Келе жаткан майрамыңыздар менен!
Айчүрөк Макешова