Адылбек Касымалиев иш сапары менен Вашингтонго барды

13-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 12

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Вашингтон шаарына барды.

Ал Эл аралык валюта фонду жана Дүйнөлүк банк тарабынан өткөрүлүүчү жылдык жазгы жыйындарга катышат.

Сапардын алкагында Минкаб төрагасы Дүйнөлүк банктын жетекчилиги, анын ичинде операциялар боюнча башкаруучу директор Анна Бьерде жана Европа жана Борбор Азия боюнча вице-президенти Антонелла Бассани менен жолугушууларды өткөрөт. Анда Кыргызстандагы учурдагы долбоорлордун ишке ашырылышы жана стратегиялык мааниге ээ болгон «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушу талкууланат.

Сапардын алкагында саясий багыттагы жолугушуулар да пландалууда. Тактап айтканда, Дональд Трамп администрациясынын өкүлдөрү менен эки тараптуу консультациялар өтүп, мамлекеттер аралык кызматташтыкты жана экономикалык өнөктөштүктү кеңейтүү маселелери каралат.

Мындан тышкары, Адылбек Касымалиев өлкөнүн технологиялык өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бурат. Алдыңкы дүйнөлүк корпорациялар — Meta, Oracle, NVIDIA жана SpaceX жетекчилери менен жолугушуулар өткөрүлөт. Талкуунун негизги темалары мамлекеттик башкарууну санариптештирүү жана жасалма интеллект инфраструктурасын өнүктүрүү болот.

Маалыматка ылайык, иш сапар бир нече күнгө созулуп, жыйынтыгында Кыргызстан менен эл аралык уюмдардын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган бир катар документтерге кол коюу күтүлүүдө.

13-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 12
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X