Адылбек Касымалиев Казакстан Республикасынын Кыргызстандагы Элчиси Рапиль Жошыбаевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Казакстан Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Рапиль Жошыбаевды өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-казак мамилелеринин учурдагы абалын жана мындан ары өнүгүү келечегин талкуулашты. Тараптар эки өлкөнүн ортосунда соода-экономикалык кызматташтык жигердүү өнүгүп жаткандыгын, транспорт, суу-энергетика, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда байланыштар бекемделип жаткандыгын белгилешти.

Элчи Рапиль Жошыбаев Министрлер Кабинетинин Төрагасына Бишкектеги дипломатиялык ишинин мезгилинде көрсөткөн ар тараптуу жардамы жана колдоосу үчүн чын дилинен ыраазычылык билдирди.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев дипломатка кесиптик ишинде мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Тараптар кыргыз-казак мамилелеринин мындан ары ырааттуу өнүгүшүнө жана өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө ишеним билдиришти

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X