Адылбек Касымалиев Кыргыз футбол биримдигинин жамааты менен таанышып, алдыдагы пландарды талкуулады
15-майда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз футбол биримдигинин президенти болуп шайлангандан кийинки алгачкы жумушчу кеңешмесин өткөрдү. Анда уюмдун жалпы жамааты менен таанышып, кыргыз футболун өнүктүрүүгө багытталган алдыдагы пландар талкууланды.![]()
Кеңешменин жүрүшүндө Адылбек Касымалиев өзүнүн орун басарлары, катчылык жана кеңешчилери менен биргеликте Кыргыз футбол биримдигинин быйылкы жана жакынкы жылдардагы ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын карап чыкты. Жыйында футбол инфраструктурасын өнүктүрүү, жаштар футболун колдоо жана эл аралык кызматташууну кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле КФБ президенти Эл аралык футбол ассоциацияларынын федерациясынын (ФИФА) Азия жана Океания боюнча өкүлдөрү, ошондой эле ФИФАнын Дубайдагы аймактык кеңсесинин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз футболун эл аралык деңгээлде өнүктүрүү жана кызматташтыкты чыңдоо боюнча пикир алышуу болду.
Мындан тышкары Адылбек Касымалиев футбол боюнча улуттук курама командалардын, аялдар футболу жана футзал боюнча командалардын башкы машыктыруучулары менен жолугуп, алардын эмгеги өлкөдөгү футбол тармагын өнүктүрүүдөгү маанилүү фактор экенин белгиледи.
Иш сапардын алкагында Кыргыз футбол биримдигинин жана Улуттук футбол академиясынын кеңселери менен таанышып, кызматкерлер менен баарлашты.
Жыйынтыгында КФБ президенти кыргыз футболун популяризациялоого багытталган ири долбоорлорду ишке ашыруу жана уюмдун оперативдүү ишмердүүлүгүн күчөтүү негизги багыттардын бири болорун белгилеп, алдыдагы милдеттерди аныктады.