Адылбек Касымалиев “Кыргызалтын” ААКнын ишмердүүлүгү менен таанышты

9-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 13

9-апрелде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Жолугушуунун башында “Кыргызалтын” ААКнын Башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов компаниянын алтын куймаларын сатуу боюнча фирмалык дүкөнүнүн ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. Маалыматка ылайык, жыл жыйынтыгы боюнча дүкөндүн кирешеси 855 млн сомдон ашып, алтын куймаларга болгон суроо-талаптын жогору экендиги аныкталган. Бул багыттын натыйжалуулугу компаниянын ийгилигин тастыктады.

Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан берилген тапшырманын негизинде 2024-жылдын август айында чендик алтын куймаларын чыгарган завод ишке киргизилген. Бир жылга жетпеген убакыт ичинде долбоор жогорку натыйжалуулукту көрсөтүп, заманбап өндүрүштүк жабдууларга жумшалган 320 млн сом көлөмүндөгү инвестиция толугу менен кайтарылган.

Мындан тышкары, Адылбек Касымалиев компаниянын эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап кырдаалдык борборунун ишмердүүлүгү менен таанышып, анын өндүрүштүк процесстерди жогорку деңгээлде көзөмөлдөөгө жана натыйжалуу башкарууга мүмкүнчүлүк бергенин белгиледи.

Андан соң “Кыргызалтын” ААКнын жалпы ишмердүүлүгү жөнүндө видео тасма көрсөтүлүп, жыл жыйынтыгын чыгарган жыйын өткөрүлдү. Отурумда компаниянын 2025-жылдагы негизги көрсөткүчтөрү, башкаруу реформаларынын жыйынтыктары жана уюштуруу түзүмүн оптималдаштыруу боюнча жүргүзүлгөн чаралар тууралуу маалыматтар угулду.

Маалыматка караганда, 2025-жылы компания рекорддук финансылык көрсөткүчтөргө жетишип, таза пайдасы 18,7 млрд сомду, ал эми жалпы кирешеси 20,7 млрд сомду түздү. Бүгүнкү күндө “Кыргызалтын” ААКнын түзүмүнө 2 филиал, 13 туунду компания жана 4 биргелешкен ишкана кирет.

Компания жакынкы үч жылдын ичинде жалпы суммасы 1 млрд доллардан ашкан стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууну пландоодо. Алардын катарында “Үңкүр-Таш”, “Тоголок”, “Чакуш”, “Талдыбулак” жана “Андаш” кендерин өздөштүрүү долбоорлору бар. Мындан тышкары, компания “Кумтөр” кенинин калдыктарын кайра иштетүү боюнча иштерди активдүү жүргүзүп жатат.

Жолугушууда Адылбек Касымалиев мамлекеттин алтын жана тоо-кен тармагындагы саясаты тууралуу сөз сүйлөп, бир катар тапшырмаларды берди. Ал “Кыргызалтын” ААКнын жетишкендиктерин жана жалпы мамлекеттеги ийгиликтердин башында Президент Садыр Жапаровдун бекем саясий эрки жана күчтүү деми турганын белгиледи.

Мындан тышкары, 2026-жылдын февраль айындагы маалыматтарга ылайык, ИДП өсүшү 8,8% түзүп, анын ичинде өнөр жайда 18,7% өсүш катталган. Кумтөрдү эсепке алганда, өнөр жайдагы жалпы дүң продукция 147,8 млрд сомду түзсө, Кумтөрдү кошпогондо 88,2 млрд сомду түзгөн. Бул көрсөткүчтөр Кумтөрдүн Кыргызстандагы алтын тармагындагы өсүшүнө түздөн-түз таасир кылганын көрсөтөт.

Адылбек Касымалиев ошондой эле тоо-кен тармагындагы жогорку жана атайын орто окуу жайлар менен тыгыз кызматташуу зарылдыгын белгилеп, жергиликтүү жаштардын бул тармакка тартылышын сунуштады. Ал белгилегендей, жумушчу орундарда инженердик адистерден баштап, жөнөкөй жумушчуларга чейин дээрлик бардык кадрлар жергиликтүү калктан түзүлөт.

Жыйынтыгында, тоо-кен тармагы 2025-жылы бюджетке 65,4 млрд сом киреше алып келген, ал эми алтындын баасы да эки эсеге өскөнү маалым болду.

9-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 13
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X