Адылбек Касымалиев Кытайга жумушчу сапар менен барат

22-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Расмий жаңылыктар 91

Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кытайдын Ханчжоу шаарына жумушчу сапар менен барат.

Сапардын алкагында Касымалиев Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьер-министри Ли Цян жана бир катар компаниялардын, уюмдардын жетекчилери менен жолугат.

Ошондой эле ал 5-Дүйнөлүк санариптик соода көргөзмөсүнө катышат.

22-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Расмий жаңылыктар 91
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X