Адылбек Касымалиев Кытайга жумушчу сапары менен барды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кытайдын Ханчжоу шаарына жумушчу сапары менен келди.
Сапардын алкагында Адылбек Касымалиев Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Цян жана бир катар компаниялар менен уюмдардын жетекчилери менен жолугушат.
Ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасы Бүткүл дүйнөлүк санариптик соода көргөзмөсүнө катышып, анын ачылыш аземинде сөз сүйлөйт.
