Адылбек Касымалиев Малик Бектургановду прокуратура кызматкерлерине тааныштырды

1-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 147

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун убактылуу милдетин аткаруучу Малик Бектургановду көзөмөл органынын жамаатына тааныштырды.

Адылбек Касымалиев ведомствонун кызматкерлерине кайрылып жатып, жаңы жетекчинин жана Башкы прокуратуранын жамаатынын биринчи кезектеги милдеттерин белгиледи.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы прокуратура кызматкерлерин мыйзамдуулукту так сактоого, коррупцияны жоюуга жана элдин көзөмөл органына болгон ишенимин арттырууга чакырды.

Соңунда Адылбек Касымалиев Малик Бектургановго мамлекеттик маанилүү кызматында ийгиликтерди каалап, прокуратура органдарынын кызматкерлери өзүнө жүктөлгөн милдеттерди так, кесипкөй жана кынтыксыз аткараарына ишенимин билдирди.

1-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 147
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X