Адылбек Касымалиев «Манас» аэропортун реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты

16-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 120

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев «Манас» эл аралык аэропортунда жүрүп жаткан реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, ага аэропорттун инфраструктурасын модернизациялоо боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берилди. Долбоорлор учуу коопсуздугун жогорулатууга, өлкөнүн транспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана Кыргызстандын эл аралык авиациялык картадагы позициясын бекемдөөгө багытталган.

Аэропорт комплексин масштабдуу реконструкциялоонун алкагында терминал 20 миң чарчы метрге кеңейтилүүдө. Курулуш толук аяктагандан кийин терминалдын жалпы аянты болжол менен 60 миң чарчы метрди түзөт. Натыйжада аэропорттун өткөрүү мүмкүнчүлүгү кыйла жогорулап, жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапаты жакшыртылып, эл аралык стандарттарга жооп берген шарттар түзүлөт.

Мындан тышкары, «Манас» аэропортунда учуу-конуу тилкеси капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, CAT III категориясындагы заманбап жарыктандыруу системасы орнотулду. Бул система коюу туман жана көрүү чектелген шарттарда да учууларды коопсуз жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Учурда жабык унаа токтотуучу жайдын жана аэропортко алып баруучу жаңы кирүүчү жолдун курулушу жүрүп жатат. Жаңы жол аэропорттун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн арттырып, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого өбөлгө түзөт. Ошондой эле унаа токтотуучу жай менен терминалдын ортосунда жүргүнчүлөрдүн бардык мезгилде ыңгайлуу жүрүүсү үчүн жабык жөө адамдар өтүүчү жол курулат.

Адылбек Касымалиев бардык курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүтүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал ошондой эле Кыргыз Республикасынын Европа Биримдигинин учууга тыюу салынган авиакомпаниялардын тизмесинен чыгарылышы авиация тармагын өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи.

16-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 120
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X