Адылбек Касымалиев Мета компаниясынын өкүлү менен жолугушту
Америка Кошмо Штаттарына болгон жумуш сапарынын алкагында Адылбек Касымалиев Meta Platforms компаниясынын мамлекеттик саясат маселелери боюнча директору Молли Монтгомери менен жолукту.
Сүйлөшүүлөрдүн расмий бөлүгүнө чейин МинКаб Төрагасы компаниянын Вашингтондогу технологиялык борборун кыдырды. Анда Метанын инновациялык экосистемасы жана санариптик чечимдери тааныштырылды.
Презентация учурунда кийилүүчү электроника, кеңейтилген реалдуулук (AR) жана жасалма интеллект багытындагы акыркы өнүгүүлөргө өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле жасалма интеллект менен жабдылган акылдуу көз айнектердин мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлүп, алардын медицина, билим берүү жана социалдык инклюзия тармактарындагы колдонулушу белгиленди.
Андан соң тараптар институттук кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Адылбек Касымалиев Meta менен туруктуу жана укуктук негизделген кызматташтык механизмин түзүүгө кызыкдар экенин белгилеп, түз байланыш каналдарын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн айтты.
Ал ошондой эле маалыматтык коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл буруларын белгилеп, коопсуз санариптик чөйрөнү түзүү боюнча эл аралык тажрыйбаны колдонууга даяр экенин билдирди.
Өз кезегинде Молли Монтгомери кыргыз тараптын демилгелерин кубаттап, санариптик трансформациядагы жетишкендиктерди жогору баалады жана кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки тараптан турган биргелешкен жумушчу топ түзүү боюнча макулдашууга жетишилди. Ал топ мындан аркы кызматташуунун жол картасын иштеп чыгат.