Адылбек Касымалиев Россия Федерациясына жумуш сапары менен келди

5-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 202

Россия Федерациясы, Екатеринбург, 5-июль – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарына келди.

Иш сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, «Иннопром» эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барат жана иш-чаранын пленардык жыйынында сөз сүйлөйт.

Көргөзмөдө металлургия, өндүрүш технологиялары, санариптик технологиялар, машина куроо жана өнөр жайды автоматташтыруу тармактарында иштеген компаниялар көрсөтүлөт.

5-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 202
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X