Адылбек Касымалиев Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолукту
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Россия Федерациясына болгон иш сапарынын биринчи күнүндө Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушуусу өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгынын учурдагы абалын жана аны мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык, транспорттук-логистикалык жана башка багыттардагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча пикир алмашышты.
Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди мындан ары да бекемдөөгө өз ара кызыкдар экендиктерин белгилешти.