Адылбек Касымалиев спутниктик интернеттин пилоттук долбоорун баштап берди: Эңилчек айылындагы мектеп Starlink тармагына кошулду
Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев видеоконференция форматында Ысык-Көл облусунун бийик тоолуу Эңилчек айылындагы жалпы билим берүүчү мектепте жогорку ылдамдыктагы спутниктик интернеттин ишке киришин расмий түрдө ачты.
Географиялык жактан катаал шартта жайгашып, жер үстүндөгү байланыш инфраструктурасы жетишсиз болгондуктан, Эңилчек айылынын мектеби буга чейин глобалдык тармакка чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап келген. Эми ал Starlink спутниктик системасы аркылуу интернетке кошулган өлкөдөгү алгачкы социалдык объекттердин бири болуп калды.
Ачылыш аземинде Адылбек Касымалиев окуучуларды жана мугалимдерди куттуктап, билим берүүнү санариптештирүү мамлекеттин негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи. Ал өлкөнүн бардык аймактарында, алардын географиялык абалына карабастан, билимге бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу зарылдыгын баса көрсөттү.
Практикалык колдоо иретинде Министрлер Кабинетинин башчысы мектепке 5 даана заманбап компьютер тапшырды. Ошондой эле жаңы жабдууларды жана интернет байланышын натыйжалуу пайдалануу максатында Агартуу министрлигине Эңилчек айылындагы мектепти мамлекеттик маалыматтык системаларга тез арада интеграциялоо, ошондой эле санариптик билим берүү платформаларына жана электрондук базаларга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу тапшырмасы берилди.
Касымалиевдин айтымында, учурда өлкөдө интернет байланышы жок калган 6 мектеп бар жана алардын баарын сапаттуу жана туруктуу байланыш менен камсыз кылуу жакынкы мезгилдеги артыкчылыктуу милдеттердин бири болуп саналат.
Министрлер Кабинетинин маалыматына ылайык, техникалык жана укуктук даярдыктардын жыйынтыгында 2026-жылдын 23-майынан тарта Кыргызстан Starlink глобалдык камтуу картасына расмий түрдө кирди. Бул багыттагы пилоттук долбоор Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 3-октябрындагы №276 “Геостационардык эмес спутниктик системаларды пайдалануу боюнча пилоттук долбоор жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүүдө.
Долбоордун алкагында өлкө аймагында жергиликтүү өнөктөш катары «ЭлКат» ЖЧКсы иш алып барууда. Ал эл аралык талаптарга жооп берген техникалык инфраструктураны ишке ашырууну камсыз кылууда.
Ошол эле учурда Министрлер Кабинети долбоор ачык-айкындуулук жана атаандаштык принциптерине негизделерин белгиледи. Спутниктик интернет кызматтарын сунуштаган жана коопсуздук, сапат стандарттарына жооп берген бардык компаниялар долбоорго катышууга арыз бере алат.