Адылбек Касымалиев: Такси лицензиялоо санариптештирилип, мектеп окуучуларынын тамактануусуна бөлүнгөн каражат көбөйөт

16-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 112

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттик администрациянын жетекчиси Адылбек Касымалиев өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө арналган кезектеги аппараттык жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин төрагасы Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Президенттин атайын тапшырмалар боюнча өкүлү (санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча) болуп дайындалганын маалымдады.

Анын айтымында, бул чечим улуттук экономикалык кызыкчылыктарды коргоо жана мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү максатында кабыл алынган. Ошондой эле бардык мамлекеттик органдарга атайын өкүлдүн тапшырмаларын өз мөөнөтүндө аткаруу жана керектүү маалыматтарды ыкчам берүү милдети жүктөлдү.

Жыйындын негизги темаларынын бири лицензиялык-уруксат берүү системасын реформалоо болду. Тактап айтканда, такси кызматын көрсөтүү үчүн лицензия алуунун жаңы электрондук механизми ишке киргизилери белгиленди. Жаңы тартипке ылайык, айдоочулар лицензияны атайын мобилдик тиркемелер аркылуу жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте ала алышат.

Адылбек Касымалиевдин белгилешинче, айдоочулар медициналык жана техникалык кароодон өтүү боюнча талаптар менен толук тааныштырылат. Ошол эле учурда ал 2026-жылдын 1-июлунан тарта тиешелүү лицензиясы жок такси кызматын көрсөткөн айдоочулар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

Мындан тышкары, жыйында 1–4-класстын окуучуларын тамактандыруу маселеси да каралды. Талдоо көрсөткөндөй, учурда бир окуучуга күнүнө бөлүнгөн 14 сомдук каражат сапаттуу жана тең салмактуу тамактанууну камсыз кылууга жетишсиз.

Ушуга байланыштуу Президенттин чечими менен 2027-жылдын 1-январынан тарта бир окуучунун күнүмдүк тамактануусуна бөлүнгөн каражат 40 сомго чейин көбөйтүлөрү маалымдалды.

«Балдарыбыздын ден соолугу – мамлекеттин башкы артыкчылыктарынын бири. Каржылоону дээрлик үч эсеге көбөйтүү мектептердеги тамак-аштын сапатын олуттуу жакшыртууга өбөлгө түзөт», – деди Адылбек Касымалиев.

Бул тапшырманы ишке ашыруу максатында Финансы министрлигине 2027-жылга республикалык бюджетти түзүүдө зарыл каражаттарды караштыруу милдети коюлду. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги менен Агартуу министрлигине мектеп окуучулары үчүн жаңы, тең салмактуу меню иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына жаңыланган тамактануу системасын үзгүлтүксүз киргизүү үчүн тиешелүү муниципалдык нормативдик актыларды жаңы каржылоо стандарттарына ылайыкташтыруу тапшырылды.

16-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 112
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X