Адылбек Касымалиев Талас облусунда эгемендүүлүк күнүн белгилөөгө карата даярдыктар менен таанышты

10-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 80

Бүгүн, 10-сентбябрда,  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 35 жылдыгын белгилөө күнүнө карата даярдыктар менен таанышты.

МинКаб башчысы Эгемендүүлүк күнүн белгилөөнүн алкагында Талас облусунда ачыла турган бардык социалдык жана инфраструктуралык обьектилерди кыдырып, ар биринин даярдыгын текшерип чыкты.

Белгилей кетсек, эртең 2026-жылдын 11-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда Талас облусундагы  бир катар обьектилер менен кошо, онлайн форматта өлкө аймагы боюнча 105 социалдык обьект, 60 ишканана ишке киришет. Возможно, это изображение один или несколько человек, вагонетка, поезд и текст "Biling"

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 35 жылдыгын   жогорку деңгээлде өткөрүү зарылчылыгын белгилеп, жоопту мамлекеттик органдарга  бир катар тапшырмаларды берди.

 

10-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 80
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X