Адылбек Касымалиев Түркмөнстанга жумушчу сапары менен барат

21-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 158

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев үстүбүздөгү жылдын 21-22-май күндөрү Түркмөнстанга жумушчу сапары менен барат.

Сапардын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин башчысы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Мындан тышкары, Түркмөнстандын жетекчилиги менен жолугушуулар пландаштырылган, анын жүрүшүндө эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланат.

21-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 158
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X