Адылбек Касымалиев Улуу Британиянын элчиси Николас Боулерди кабыл алды
Бүгүн, 20-июнда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев дипломатиялык миссиясы аяктап жаткан Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулерди кабыл алды.
МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев Николас Боулердин Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясы учурунда эки тараптуу кызматташтык байкаларлык жанданганын белгиледи.
Адылбек Касымалиев Николас Боулерге эки өлкөнүн мамилесин чыңдоого кошкон жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасын тапшырды.
Өз кезегинде Николас Боулер өзүнүн миссиясы учурунда көрсөтүлгөн колдоо үчүн Кыргыз Республикасынын жетекчилигине жана мамлекеттик мекемелерине ыраазычылык билдирди.
Жыйынтыгында тараптар кыргыз-британ мамилелерин мындан ары да бекемдөөгө, өз ара ишенимге жана урмат-сыйга негизделген өнөктөштүктү тереңдетүүгө болгон бекем ниетин билдиришти.