Адылбек Касымалиев ведомстволор аралык комиссиянын жыйынын өткөрдү

9-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 12

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча Жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн ведомстволор аралык комиссиянын жыйынын өткөрдү.

Жыйын учурунда МинКаб башчысы ашыкча жөнгө салууну жана бюрократиялык жол-жоболорду жоюу боюнча мурда кабыл алынган чаралардын билим берүү, илим, саламаттык сактоо, социалдык камсыздоо, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат, аткаруу өндүрүшү, статистика, каржы жана башка тармактарда натыйжа берээрин белгиледи. Анын айтымында, башкаруу процесстерин санариптештирүү, ченемдик жөнгө салууну жакшыртуу жана айрым чөйрөлөрдөгү мамлекеттик монополияны жоюу реформалардын маанилүү инструменттери болуп саналат.

Адылбек Касымалиев мамлекеттик башкаруунун бардык деңгээлдеринде жарандар жана бизнес үчүн административдик тоскоолдуктарды азайтуу иштерин улантуу зарылдыгын баса белгиледи.

Жыйында комиссиянын мурда берилген тапшырмаларынын аткарылышы каралып, административдик тоскоолдуктарды азайтуу жана мамлекеттик процесстерди санариптештирүүгө багытталган бир катар чечимдер кабыл алынды.

Атап айтканда, жер тилкелерин бөлүү жана трансформациялоо процесстерин жакшыртуу, айыл чарба жаныбарларын бирдиктүү мамлекеттик реестрге киргизүү аркылуу санариптик каттоону күчөтүү, кагаз түрүндөгү маалымкаттардан баш тартуу; экологиялык паспортторду алуу процедураларын электрондук форматка өткөрүү; туризм жана коомдук тамактануу чөйрөлөрүндөгү процедураларды жөнөкөйлөтүү жана санариптештирүү боюнча тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары, мамлекеттик ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, электр энергиясын үнөмдүү керектөө, кадр саясатынын айрым маселелери, автотранспорт каражаттарын алып келүү жана каттоо боюнча тапшырмалар да берилди.

Кабыл алынган чечимдер бюрократиялык процедураларды кыскартууга, мамлекеттик органдардын ишинин ачыктыгын жогорулатууга жана жарандар менен бизнес үчүн шарттарды жакшыртууга багытталган.

9-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 12
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X