Адылбек Касымалиев Ысык-Көлдө өтө турган дүйнөлүк Формула-1 мелдешине даярдыкты күчөтүүнү тапшырды

Министрлер Кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев Бишкектеги “Ынтымак Ордо” мамлекеттик резиденциясында кеңешме өткөрүп, анда «UIM F1H2O дүйнө чемпионаты — Кыргызстан Гран-приси. Ысык-Көл – 2026» эл аралык спорттук иш-чарасына даярдык көрүү маселеси талкууланды.

Ошондой эле кеңешмеде “Чаткал Резорт” улуттук долбоорунун ишке ашырылышы жана Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин ишмердүүлүгүнө байланыштуу актуалдуу маселелер каралды.

Министрлер Кабинетинин башчысы суу-мотордук Формула-1 боюнча дүйнө чемпионаты Борбор Азия аймагында биринчи жолу өткөрүлүп жатканын белгилеп, бул иш-чара Кыргызстандын туристтик жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөлүк деңгээлде таанытууга шарт түзөрүн билдирди.

Анын айтымында, мелдеш үстүбүздөгү жылдын август айында Ысык-Көл облусунда өтөт. Ушуга байланыштуу тиешелүү мамлекеттик органдарга эл аралык спорттук иш-чараны жогорку деңгээлде уюштурууну камсыз кылуу тапшырмасы берилди.

Кеңешменин жүрүшүндө Ысык-Көлдүн жол, инженердик жана туристтик инфраструктурасын даярдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле конокторду кабыл алуу, коопсуздук жана уюштуруу иштерин күчөтүү боюнча тапшырмалар айтылды.

Мындан тышкары, кеңешмеде тоо туризмин өнүктүрүүгө багытталган “Чаткал Резорт” улуттук долбоорунун аткарылышы талкууланды. Долбоор аймактарда заманбап туристтик инфраструктура түзүү, инвестиция тартуу жана туризм тармагын өнүктүрүүгө багытталган.

Жыйындын соңунда мамлекеттик органдарга бир катар конкреттүү тапшырмалар берилди.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X