Адылбек Касымалиев Ысык-Көлдөгү эл аралык иш-чаралар өтө турган жайларды текшерди

13-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 133

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барып, эл аралык иш-чараларга даярдык көрүлүп жаткан бир катар объектилерди текшерди. {{ item.title }}

Өкмөт башчы алгач Кырчын капчыгайындагы этномаданий иш-чаралар өтө турган аянтчалардын абалы менен таанышты. Андан соң этномаданиятты, ат спорту индустриясын жана асыл тукум жылкычылыкты өнүктүрүү борбору болгон ипподромду көрүп чыгып, объектти модернизациялоо жана алдыдагы мелдештерге даярдоо маселелерин талкуулады. {{ item.title }}

Иш сапардын жүрүшүндө Ысык-Көл районунун Бает айылында өтө турган “UIM F1H2O дүйнө чемпионаты — Кыргызстан Гран-приси. Ысык-Көл – 2026” эл аралык мелдешине даярдыкка өзгөчө көңүл бурулду. Адылбек Касымалиев жээк аймагын жайгаштыруу пландары жана эл аралык командалар менен туристтерди кабыл алуу үчүн түзүлүп жаткан инфраструктура тууралуу маалымат алды.    {{ item.title }}

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасы Чыңгыз Айтматов атындагы “Рух Ордо” маданий борборуна барып, объектти тийиштүү деңгээлде сактоо жана өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи. Ал бул жай Шанхай кызматташтык уюму жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы расмий иш-чаралар өтө турган негизги маданий борборлордун бири экенин айтты.  {{ item.title }}

Сапардын алкагында Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги үчүн сатылып алынган жаңы атайын техникалар да көрсөтүлдү. Министр Нурдан Орунтаев техникаларды аймактарга бөлүштүрүү пландары тууралуу маалымат берип, алар калктуу конуштарды көрктөндүрүүгө жана инфраструктураны жакшыртууга пайдаланыларын билдирди.{{ item.title }}

Адылбек Касымалиев техникалык паркты жаңылоо курулуш жана коммуналдык иштердин сапатын жана ыкчамдуулугун арттырууга түз таасир берерин белгиледи.

Иш сапарга жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да катышып, объекттерди текшерүү жана башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу процесстерине күбө болушту. “Ачык кабинет” долбоорунун алкагында журналисттер өкмөт башчынын мобилдик форматтагы ишин жеринен чагылдырып, актуалдуу суроолоруна жооп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.    {{ item.title }}

Сапардын соңунда министрлер кабинетинин төрагасы тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө эл аралык иш-чараларга даярдыкты күчөтүү, объекттерди өз мөөнөтүндө жана дүйнөлүк стандарттарга ылайык бүтүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X