“Аэро Номад Эйрлайнс” Бишкек – Ташкент багыты боюнча жаңы каттам ачат
23-августтан тарта “Аэро Номад Эйрлайнс” авиакомпаниясы Бишкек – Ташкент – Бишкек багыты боюнча жаңы туруктуу эл аралык авиакаттамды ишке киргизет. Бул тууралуу “Кыргызстандын аэропорттору” ААКсы маалымдады.
Жаңы каттамдар жумасына эки жолу – бейшемби жана жекшемби күндөрү аткарылат. Бул Кыргызстан менен Өзбекстандын борбор шаарларынын ортосундагы аба байланышын жакшыртып, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт түзөт.
Мындан тышкары, авиакомпания эки өлкөнүн ортосундагы каттамдардын багыттарын кеңейтүүнү пландап жатат. Анын алкагында Бишкек – Самарканд – Бишкек жана Бишкек – Үргөнч – Бишкек каттамдарын ачуу мүмкүнчүлүгү каралууда.
Адистердин айтымында, жаңы багыттар туристтик агымды көбөйтүп, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы ишкердик жана маданий байланыштарды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.