Аэропортко барчу жолдо оңдоонун жаңы этабы башталды

24-июль, 2026-ж. / Редакция / Коом 210

Бишкектеги Васильевский тракт көчөсүн (аэропортко барчу жол) реконструкциялоо иштери уланууда.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, 24-июлдан тарта Комсомол айылына бурулган жерден Фучик көчөсүнө чейинки тилкеде оңдоо иштеринин алтынчы этабы башталат.

Оңдоо учурунда жолдун бир тарабы гана жабылып, унаалар каршы тилке аркылуу эки багытта жүрөт. Көчө толугу менен жабылбайт.

24-июль, 2026-ж. / Редакция / Коом 210
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X