Афганистандагы согуш аяктады. Талибдер бийликке келди
Соңку жумаларда бүткүл дүйнө жүзү Афганистанда болуп жаткан окуяларга өтө тынчсыздануу менен көз салып турду. Америка Кошмо Штаттары жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери Афганистанда жайгашкан жана Афган бийлигине жардам, колдоо көрсөтүп келген аскерлерин май айынан тартып чыгарып кете баштап, бул иш-чара августтун соңуна чейин бүткөрүлө тургандыгын жарыя кылгандан тартып, аларга каршы куралдуу күрөш жүргүзүп келген өлкөдөгү “Талибан” кыймылы өз аракеттерин активдештирип, чабуул артынан чабуул жасоого өтүп, 12-августка карата 22 провинциянын 15 провинциясында өз бийликтерин орнотууга жетишкен болчу. Ошондо эле жакынкы күндөрү мамлекеттин борбору Кабулдун да тагдыры чечиле тургандыгы айкын болуп калган. Айткандай эле арадан үч күн өтүп-өтпөй – 15-августта Афганистандын президенти Ашраф Ганиөз кызматын таштап кетүү чечимине келип, өлкөдөн чыгып кетти. Азыркы күндө анын кай жерде экендиги белгисиз. Тажикстан менен Өзбекстан анын өз өлкөлөрүндө жок экендигин билдирип чыгышты. Ашраф Гани өзүнүн “Facebook” баракчасында мындай чечимге келүүсүнүн негизги себебин “эгерде мен бийликтен кетпесем алар мага жетүүүчүн алты миллион калк жашаган Кабулга чабуул жасап, бомбалай тургандыктарын ачык эле жарыя кылып чыгышкан соң, шаардын талкаланышын каалабадым жана адамдардын көп өлүмүнө алып келүүчү канга сабын болгум келген жок. Ошон үчүн өлкөдөн чыгып кетүү жагын ойлодум”, — деп жазып чыкты.
Ошентип, Афганистанда расмий бийлик өтө тездик менен кулады. Талибанчылар 15-августта Кабулду алгандан кийин Президенттик сарайдын үстүнөөздөрүнүн туусун көтөрүшүп, бүткүл өлкө аймагында өз бийлигин орноткондугу, Афганистандагы согуш аяктагандыгы тууралуу жарыя кылышты. Эксперттердин айтымында, жагдайдын ушундай болуп аяктай тургандыгы тээ 2001-жылдын декабрында АКШнын президенти Дж.Буш-кичүүсү “Талибдердин режиминин күнү бүтүп баратат” деп ойлонбой туруп айтып алганында эле белгилүү боло баштаган. Ал эми 2021-жылдын 8-июлунда АКШнын азыркы президенти Джо Байден Буштун кетирген катачылыгын кайталаган. Ал “Талибдердин Афганистанды басып алуусунун мүмкүнчүлүгү дээрлик жокко эсе. Анткени, талибдер 72 миң гана адамдан турса, афган армиясын 300 000 адам түзөт, алар жакшы куралданган жана аларда авиация бар”, — деп билдирген. Мына ошол армия талибдердин чабуулдарына катуу каршылык көрсөтө албай, кыска убакытта эле бийликтин талибдердин колуна өтүшүнө мүмкүнчүлүк түзүп беришти. Натыйжада, бүгүнкү күнгө чейин АКШ Афганистанда жыйырма жыл ичинде жашоого жөндөмдүү саясий системаны түзө албагандыгы анык болду. Себеби, СССР он жылдан соң өз армиясын бул өлкөдөн чыгарып кеткенден кийин андагы советтик режим калтырып кеткен жергиликтүү бийлик үч жылдай кармалып турган болсо, америкалыктар өлкөдөн чыгып кеткенден кийин алты айдан соң афган бийлиги кулашы ыктымал деген божомолдору ишке ашпай, тескерисинче 31-августка чейин аскери толук чыгарылып бүткүчө эле Кабулду алдырышып, мурдагы макулдашуулары аткарылбай кала берди.
Эми талибанчылар толук бийликти алышкан соң Афганистандын мындан аркы саясий системасы кандай багытта курулаары тууралуу билдирүүлөр менен чыга башташты. Алсак, жакынкы күндөрүөлкө Афганистан Ислам Эмираты деп жарыялана тургандыгы айтылууда. Ошондой эле өткөөл мезгилдеги коалициялык өкмөттү түзүү мүмкүнчүлүгү да каралууда. Бирок, талибдербашка саясий күчтөрдүн өкүлдөрүнөн турган өткөөл коалициялык өкмөттү түзүүнү каалабай тургандыгы жана “толук бийликке” гана макул болушаары да болжолдонууда.Азырынча дүйнө жүзүнүн бир дагы өлкөсү талибанчылардын бийлигин тааный тургандыктары тууралуу жарыя кылыша элек. Россия болсо бул маселеде шашылбай тургандыгын кулак кагыш кылды..
Кыргыз Республикасы да Афганистандагы кырдаалга кылдат байкоо салып, тийиштүү органдар да тынымсыз мониторинг жасап жатышат. КР тышкы иштер министрлиги биздин өлкөнүн Афганистандагы элчилиги кадимкидей иштеп жаткандыгын, анда турушкан 20 кыргызстандык 21-августка чейин чыгарылып кете тургандыгын билдирди. Ошол эле учурда Президент Садыр Жапаров да туруктуу негизде күн сайын окуялардын жүрүшүнө көз салып жаткандыгын Президенттин басма сөз кызматы да билдирип чыкты.
Таалайбек ТЕМИРОВ