Афганистандын талабы

3-май, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 8

Афганистандын бийликтери АКШ жана НАТОдон куралдары менен техникаларын таштап кетүүнү талап кылууда деп билдирди афгандык Ariana News телеканалы.

“Бул курал-жарактар бизге керек деп билдирген Афганистандын Коргоо министрлигинин өкүлү. Бирок, НАТОнун “Чечкиндүү колдоо” миссиясынын командачылыгы техникаларды афган тарапка калтырабы же жокпу айта элек. Деген менен телеканалдын өз булактарына таянган билдирүүсүнө караганда, Афганистандын бийлиги жана НАТОнун миссиясынын командачылыгы курал жарактар менен аскердик базаларды афган аскерлерине өткөрүп берүү боюнча жумушчу топ түздү.

3-май, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 8
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X