Афрейм үйлөрдөн, сейил жолдорго чейин. Төмөнкү Ала-Арча өзгөрөт

13-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 1319

Төмөнкү Ала-Арча жаңы туристтик борборго айланат Чүй облусундагы Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычы жакынкы жылдары ири туристтик жайлардын бирине айланышы мүмкүн.

Бул тууралуу аймакка барган Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырма бергенин билдирди.

1965-жылы курулган суу сактагыч толгон учурда токойду суу каптап, бактар суунун ортосунда калган өзгөчө көрүнүш жаралат. Мындай жаратылыш өзгөчөлүгү аймакты туристтер үчүн кызыктуу жайлардын катарына кошуп келет.

Айрыкча март айынан июнь айынын ортосуна чейин бактарга ар кандай канаттуулар уя салып, балапан чыгарган мезгилде бул жерге жергиликтүү туристтерден тышкары коңшу мамлекеттерден да келгендер көбөйөт. Туристтер негизинен сүрөткө түшүп, жаратылышка эс алуу үчүн келишет.
Буга чейин аймакта тейлөө кызматтары жеке адамдар тарабынан уюштурулуп, туристтер үчүн толук шарттар түзүлгөн эмес.

Президенттин тапшырмасына ылайык, алдыдагы жылдары аймакта афрейм үйлөр, ресторандар жана сейилдөөчү жолдор курулуп, туристтик инфраструктура өнүктүрүлөт. Мунун негизинде Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычы өлкөдөгү алдыңкы туристтик багыттардын бири болору күтүлүүдө.

13-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 1319
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X