Агартуу министрлиги 390 миң сомдук бузуулар боюнча түшүндүрмө берди

22-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 106

Кыргызстандын Агартуу министрлиги мурдагы №4, №5, №6 жана №7 кесиптик окуу жайлардын каржылык ишмердигинде аныкталган 390,3 миң сомдук бузуулар боюнча маалымат берди.

Эсеп палатасынын Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгы жүргүзгөн текшерүүдө ноутбуктарды мыйзамсыз эсептен чыгаруу, эмгек акы төлөө тартибин бузуу жана мүлктү өткөрүп берүүдө кемчиликтер аныкталган.

Министрликтин маалыматына караганда, 144,5 миң сомдук жана 107,5 миң сомдук ноутбуктарды эсептен чыгаруу жокко чыгарылып, техника кайра бар экени аныкталган. Ошондой эле мурдагы №5 окуу жайында соттолгон адамга 2024-жылы 121 миң сом эмгек акы төлөөдө мыйзам бузуу катталган.

Мыйзам бузууга жол берген башкы бухгалтерлер кызматтарынан бошотулган. Аныкталган кемчиликтер 2025-жыл үчүн жылдык отчеттуулукту түзүүдө жоюлган.

22-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 106
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X