Агартуу министрлиги: мугалимдер оңдоп-түзөө иштерине катышпайт

22-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 463

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлерин мектептердеги оңдоп-түзөө иштерине тартууга тыюу салынарын расмий билдирди. Айрыкча жайкы эс алуу мезгилинде мугалимдерди мындай иштерге пайдаланууга жол берилбейт.

Министрликтин маалыматына ылайык, 2025–2026-окуу жылына республикалык бюджеттен мектептерди утурумдук оңдоп-түзөө иштерине 404 млн сом каралган. Мурда бул каражат негизинен курулуш материалдарын жана товарларды сатып алууга жумшалып келсе, эми утурумдук оңдоп-түзөө иштерин аткаруучу кызматтарды каржылоого да багытталууда.

Бул боюнча министрлик тарабынан бардык аймактык билим берүү бөлүмдөрүнө расмий кат жөнөтүлүп, тиешелүү тапшырмалар берилди.

Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мугалимдерди көчө тазалоо, айлана-чөйрөнү иретке келтирүү, короо шыпыруу жана башка чарбалык иштерге тартууга тыюу салынары эскертилди. Мындай аракеттер мыйзам талаптарына каршы келери белгиленди.

Министрлик мугалимдердин негизги милдети — окуучуларга сапаттуу билим берүү жана окуу-тарбия процессин уюштуруу экенин баса белгиледи.

22-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 463
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X