Агартуу министрлиги окуу процессине өзгөртүүлөрдү жарыялады
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жалпы билим берүү уюмдарында 2026–2027-окуу жылын 15-сентябрда баштап, 2027-жылдын 25-майында аяктоо пландалып жатканын билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, окуу жылын баштоо мөөнөтүн өзгөртүү чечими өлкөдө өткөрүлө турган бир катар ири эл аралык жана мамлекеттик иш-чараларга байланыштуу кабыл алынган. Алардын катарында Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган иш-чаралар бар.
Агартуу министрлиги окуу программаларынын толук өздөштүрүлүшү жана билим берүү сапатынын сакталышын камсыздоо максатында зарыл чаралар көрүлөрүн белгиледи.
Атап айтканда, 6–11-класстардын окуучулары үчүн окуу жылынын жүрүшүндө ишемби күндөрү кошумча сегиз окуу күнүн уюштуруу каралууда. Бул күндөрдүн так графиги ар бир билим берүү уюму тарабынан өз алдынча түзүлүп, ата-энелер жана тиешелүү аймактык билим берүү органдары менен макулдашылат.
Ал эми 1–5-класстардын окуучулары үчүн мурдагыдай эле беш күндүк окуу жумалыгы сакталат.
Агартуу министрлиги бул өзгөртүүлөр мамлекеттик билим берүү стандарттарын толук аткарууга жана окуу процессинин сапатын жогорулатууга багытталганын кошумчалады.